Ооруканадагы дарыгер. Архив

Эркектер депрессиядан кантип арылат? Жашоодон сынган мырзалар ой бөлүшөт

2892
(жаңыланган 08:57 02.03.2018)
Борбор калаанын чок ортосундагы республикалык психиатриялык ооруканасына өлкөнүн булуң-бурчунан бейтаптар түшөт. 3/2 бөлүмдө эң көп таралган ооруга — депрессияга кабылган адамдар дарыланат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, ар бир жыйырманчы кыргызстандык бул дартка чалдыккан.

Врач-психотерапевт Гүлүмкан Жоробекова терең кайгыга чөмүлүү өз жанын кыюуга себеп болорун айтып берди.

"Бизге кайгыдан өз алдынча кутула албай калганына көзү жеткенде кайрылышат. Аял-эркектердин кимиси бул кеселге жакын экенин айтыш кыйын. Маселен, азыр эркектердин да, аялдардын да палаталарында орун жок.  Эгер бейтаптардын санын жалпылап алсак, аялдар басымдуулук кылат. Тагдырлары ар кыл, айрымдары дарыгер катары бизди да ойго салат. Мисалы, бир кишинин перзенти өз өмүрүнө кол салыптыр", — деди ал.

Бул бөлүмдүн далистери, чоң бөлмөсү толо киши. Чакан маегибиз маалында эле ага дарылоого кабыл алуусун өтүнүп үч киши кайрылды. Бир гана айым ооруканадан чыгуу үчүн баш бакты.

Бул ооруканада акча төлөнүүчү, акысыз да бөлмөлөр бар, төлөм суткасына 190 сомду түзөт.  Адатта бейтаптар маек курууну каалай беришпейт, көбү ачыкка чыгуудан чочулашат…

Дагы кол салышат, эч ким мага жардам бере албайт деп корктум

Биринчи маектешим элүүдөн жаңы ашкан киши болду. Ыңгайлуу спорттук шым, бутуна үй тапичкесин кийген. Интервьюну укканда ал киши мындай шарттарды койду: аты-жөнү аталбайт, албетте, эч кандай сүрөт чыгарылбайт. Керебетке отурду да, жүзүндөгү тырыкты бир сылап алып, баянын баштады.

…Былтыр май айында мага бирөөлөр кол салгандан бери көйгөйлөргө кабыла баштадым. Кадимки эле көп күндүн бири болчу. Калаанын ортосундагы мага жакка кафеге түштөнүүгө бараткам. Шаардын чок ортосу, айланада дайым милиция кызматкерлери жүрөт. Бирок алардын жүргөнүнөн эмне пайда?..

Мени жыга чапкан кишинин караанын гана эстейм, бою эки метр болгон соот киши болучу. Менден эмне алгысы келгенин деле түшүнбөдүм… Себепсиз эле бир жаагымды жара чапты да, кансыраган боюнча калтырып кетти. Өтүп бараткандардын эч бири жардамга келген жок. Токмоктолгон боюнча күнгө какталып жаттым, эмне болуп кеткенин да дароо аңдай албадым.

…Машинем турат, телефон жанымда, болгону капчыгымды алышыптыр. Эптеп аялыма чалдым. Мени көрүп алып, анын үрөйү учту.  Дарыгерлер жаагым талкаланып, мээм чайкалган дешти. Ал окуядан кийин кол салуу боюнча милицияга арыз менен кайрылдым. Кафенин камералары бардыгын, алар аркылуу мага кол салгандарды аныктоого болорун укук коргоочуларга айткам. Арыз катталды, ошондон кийин милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүбүз бүттү. Бир да жолу телефон чалышкан жок.

Бир айдан кийин ден соолугум жакшырып бараткансыган. Бишкектин милиция кызматкерлери эч кимди тапкан деле жок, билбейм, деги издешти бекен…

Бул окуя ден соолукту аксатты. Башым чыдатпай ооручу болду.  Ичинде мээм кайнап жаткандай туюлчу, ушундай бир ооруса жаның төрт чарчы болот.  Дарыгерлер жазган дары-дармектин баарын ичтим, алардын деле күчү жетпей калды. Доктурлар так диагноз кое алган жок. Ошол окуяга чейин да катуу кырсыкка эки ирет кабылып, анда да башымдан жаракат алгам.

Өз жанымды кыюуну кадимкидей эле ойлоно баштадым. Ар бир күнүм азапка тете болуп калды. Адамдардан көңүлүм калышы мени ого бетер шалдыратты. Шаардын чок ортосунда башың жарылып, онтоп жатсаң да сага эч ким көңүл бурбайт тура деп баягы окуяны улам эстейм десеңиз.

Чакчалакейге түшөм, үрөй учурган коркунуч басат. Дагы качанкыга чейин ушундай абалда жүрмөк элем? Өзүмдү колго алышым зарыл эле, үй-бүлөм бар, неберелүү болдум. Бул саздан чыгууга тийишмин дедим. Бүгүн ооруканадагы бешинчи күнүм, чоң өзгөрүү болор-болбосун билбейм, бирок мындай азап менен жашай алмак эмесмин.

Ооруп турам, бирок, доктурлар себебин билбейт

Орто бойлуу, башына шапке кийген, боз шымчан дагы бир кара тору жигит далисте отурат. Республикалык психиатриялык оорулар борборуна (РПОБ)  тагдыр аны энеси онкологиялык оорудан көз жумганынан кийин алып келген. Баянын өз оозунан угалы.

…Апам менин көз алдымда  соолуп баратты. Жаман кеселден кийин бир жарым жыл өтпөй өтүп кетти, ооруга чыдабай ыйлаганы, азап чеккени көз алдымда. Көпкө чейин врачтар ага так диагноз кое алышкан жок, кийин кеч болуп калды. Оору басаңдатуучу дармектердин таасири деле көп тийбей калган. Мунун баарын көрүп, эч нерсе колумдан келбегени үчүн өзүмдү алсыз, бир байкуш сезчүмүн. Кийин дүйнөдөн өтүп кетти.

Көп өтпөй ооруй баштадым, менде де апамдыкындай белгилер байкала баштады. Сөөгүм сыздайт, ичим ооруйт, аябай алсырайм. Жарым жылда бир нече жылга карый түштүм. Адегенде райондогу бардык врачтардын эшигин кактым, андан кийин Бишкекке келдим. Онкологиялык борбордон толук текшерилип чыктым. Врачтар эч нерсе тапкан жок, бирок мен аябай кыйналгам, демек мен да оорудум.

Башка клиниканын адистери алсыраткан абалым ичеги-карыным бир нече эсе чоңоюп кеткендигинен улам дешти. Операция жасашты, ичегилеримди туура өлчөмгө келтиришти. Бирок бул да жардам бербеди. Соолуп бараттым, оору мени каратып эле түгөтүп баратты. Себебин билбей туруп өлгөндөн корктум… Аягында доктурлар мени неврологго жиберишти, ал бир нече текшерүүдөн соң мени РПОБго жолдоду.

Жалпы жонунан ооруканада 50 күн болушум керек, 20 күн өттү. Дарыланууга экинчи жолу жаттым. Көйгөйдү өзүм жаратып, бул чуңкурга өзүмдү өзүм түрткөнүмдү, бардык ооруларым сөздүн түз да, кыйыр да маанисинде акылымда эле пайда болгонун түшүнүп турам…

Миллиондорду жоготтум, ата-энем буга аялымды айыпташты

Маңдайымда жапжаш жигит отурат, 30га да толо элек, Республикалык психикалык саламаттык борборуна (РПСБ) жатканына үч күн болуптур.  Бейтаптын айтымында, келгенден бери эле уйкудан көзү ачыла элек, доктурлар жазган көңүл тынчытуучу жана психотроптук дарылардын таасири ушундай.

Денемдин ар бир клеткасы ооруп жатат. Буга чейинки жашоомдон улам да. Качандыр бир кезде бир-эки жылда эле бутума турдум: чоң акча айланттым, үйлүү болдум, ата-энемдин үйүн кайра куруп бердим, машина сатып алдым. Миллиондогон долларды жүгүртөр элем.

Баары көз ачып-жумганча урады, үй-бүлөмдө көйгөй башталды. Ата-энем менин ишимдин жүрүшпөй калганына жубайымды күнөөлөштү. Үйдө жаңжал көбөйдү.  Жанымды коюшпады. Мусулманчылыкты бекем туткандыгым үчүн аларга каршы ооз ачпадым, чыдадым, баарын көтөрдүм. Азыр РПСБдо жатам. Алар мени кандай абалга жеткиришкенин азыр гана түшүнүштү.

Ишим жүрүшпөй, сызга олтуруп калганымда акчаны гана жоготконум жок, досторум, тааныштарым жүз буруп кетишти. Кийин Москвага көчүп кеттик, мамлекеттик кызматка орноштум. Кыска убакыт ичинде жетекчинин орун басарлыгына дейре көтөрүлө алдым.

Былтыр ооруп жатканымды сездим. Сөөктөрүм сыздайт, булчуңдарым ооруйт, такыр көңүлүм ачылбай койду. Өзүмдү оор сезчү болдум.  Доктурга көрүнө баштадым, бирок эч кимиси так себебин айта алган жок. Бир жыл ушинтип жүрдүм, кийин ушинтип кыйналып жүрө бербей бир нерсе кылууга тийиш экенимди түшүндүм. Эмгек өргүүгө чыгып, Бишкекке кайттым. Бул жактан мага дем салдырышты, ичиме жин жайгашып алган деп, дарылануунун акылга сыйбаган ыкмаларын сунушташты…

Азыркы абалга стресстен улам туш болгонумду так билем. Азыр го стационардамын, эгер дагы врачтардын каалгасын каккылап жүрө берсем, дарт ашкерелеп, РПСБнын жабык тибиндеги бөлүмүнө жаткырылмак окшойм.

2892
Белгилер:
депрессия, дарыгер, оорукана, Кыргызстан
Тема боюнча
Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу
Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек
Бишкектин күндүзгү стационарлардын бири. Архив

Мэрия: күндүзгү стационарлардан бейтаптар айыга баштады

30
(жаңыланган 14:01 10.07.2020)
Борбор калаада азыркы тапта күндүзгү тогуз стационар иштеп жатат. Ар биринде ординатор, медайым, санитар жана ыктыярчылар нөөмөттө.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкектеги күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар айыга баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгашкан күндүзгү стационарда дарыланып айыккан бейтаптарды шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова жана аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев үйлөрүнө узатышкан.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

"Сасык тумоонун белгисин байкаган шаардыктар дароо күндүзгү стационарларга кайрылышкан. Алар тийиштүү медициналык жардам алып, өздөрүн жакшы сезип калышты", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия бир жумага жетпей күндүзгү стационарлар 11 миң 370 адамды кабыл алганын айтып, кезекке тургандардын саны азайып калганын кошумчалады.

Эске салсак, борбор калаада азыркы тапта күндүзгү тогуз стационар иштеп жатат. Ар биринде ординатор, медайым, санитар жана ыктыярчылар нөөмөттө.

30
Белгилер:
ден соолук, күрөш, оору, бейтап, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди
COVID-19ду ооздуктоого чет жактан алынган акчанын 2,2 млн. доллары бөлүнгөн
Мүрзөдөгү иштеген кишилер. Архив

Якутскинин токоюндагы мигранттардын мүрзөсү. Көмүлгөндүн баары кыргызстандыктар

279
(жаңыланган 13:31 10.07.2020)
Элчиликтин маалыматына ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

БИШКЕК, 10-июл — Sputnik. Якутск шаарынын токоюндагы мигранттар көмүлгөн жер мусулмандар мүрзөсүнүн аймагында жайгашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Буга чейин айрым ЖМКларда "Якутск шаарында канаттуулар фабрикасынан анча алыс эмес жердеги токойдон мигранттар көмүлгөн жер табылды. Анда беш күмбөз бар. Алардын баары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарыныкы" деген маалымат пайда болгон.

Элчиликтин билдиргенине ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

"Сөөктү көмүү боюнча уруксат жана документтердин бардыгы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, мусулмандар мүрзөсүнүн бул аймагы убагында тосулган эмес.

"Якутиянын мусулмандар дин башкармалыгы мүрзөнүн аймагын дайыма карап туруу чечимин кабыл алганын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган аймактын муфтияты мүрзөдө тазалоо иштерин жүргүзүп, жолун бир сыйра оңдошкон. Ошондой эле ал жактагы таштандыны да жоготушкан.

279
Белгилер:
сөөк, Мигрант, мүрзө, Якутск, Россия
Тема боюнча
COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер