Ташкенттен Бишкек менен Балыкчыга келчү поездге билет сатыла баштады

© Фото / сайт Госпредприятия "Кыргыз Темир Жолу"Работа железнодорожного вокзала в Бишкеке
Работа железнодорожного вокзала в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдү ташыган поезд жумасына бир ирет жүрмөкчү

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Ташкент — Балыкчы — Ташкент" темир жол каттамына билет сатуу башталды. Бул туурасында "Кыргыз темир жол" улуттук компаниясынан кабарлашты.

Протест в Бухаресте - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай жолу боюнча жүк ташуу жакында башталат
Каттам Ташкенттен Бишкекке 22-марттан баштап жуманын бейшемби күндөрү жүрө баштайт. Жума күнү борбор калаага келип, андан ары Балыкчыга жөнөп кетет. Ал эми Ысык-Көлдөн Өзбекстанга ишемби күнү чыгат.

Өзбек темир жолдорунун жүргүнчүлөрдү ташыган поезди жумасына бир ирет жүрмөкчү. Анда жети купе вагон, үч плацкарт вагон жана бир ресторан вагон бар.

Кыргыз-өзбек мамилелери жандангандан тарта экономикалык кызматташуу да активдеше баштады. Буга чейин Өзбекстан аркылуу темир жол менен товар ташып келүү арзан боло баштаганы кабарланган. Өзбекстандын автожолдору аркылуу бажы төлөмүсүз товар алып өтүүнүн суммасы 10 доллардан 300 долларга көтөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0