Мэрия: жаз келери менен борбор калаа гүлгө оронот

Жазылуу
Бишкектеги бир жылдык гүл отургузулган жердин аянты 2,8 гектарга жетет

БИШКЕК, 28-фев. – Sputnik. Жаз келери менен калаадагы кооз гүлдөр бишкектиктердин маанайын көтөрөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Билдирмеге караганда, апрелдин аягында шаарга бир жылдык 1 миллион 200 миң гүл отургузуу пландалып жатат.

"Үстүбүздөгү жылдын февраль айында күнөсканаларга бир жылдык гүлдөрдүн 20 түрү менен 30 сорту себилген болчу", — деп айтылат маалыматта.

Шаарда сальвия (3 түрү), катарантус (3 түрү), колеус (3 түрү), тагетис (10 түрү), далия (3 түрү), петуния, лобулярия (3 түрү), астра, вербена (2 түрү), цинерария, целозия жана агератум гүлдөрү өстүрүлөт.

Бишкектеги бир жылдык өсүмдүктөр отургузулган жердин аянты 2,8 гектар, ал эми розария 3,7 гектар жерди ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0