Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бейтаптар акысыз дарылана албай турганынын себеби айтылды

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүВакцинация от гриппа в Краснодаре
Вакцинация от гриппа в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздоо фондусунун директору Марат Калиев өлкөдөгү ооруканалар эмне себептен ар дайым бекер дары-дармек менен камсыздай албай турганын айтып берди.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстан жыл сайын ооруканаларга дары-дармек алуу үчүн 2 миллиард 366 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондусунун директору Марат Калиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМедициналык камсыздоо фондусунун директору Марат Калиев
Директор Фонда обязательного медицинского страхования Марат Калиев - Sputnik Кыргызстан
Медициналык камсыздоо фондусунун директору Марат Калиев

Анын айтымына караганда, бул каражат өлкөдөгү бардык медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт. Бирок жарандар дары-дармекке акы талап кылынган көрүнүштөр арбын экенин айтып, арызданган учурлар арбын.

"2,3 миллиард сом жакшы суммадай көрүнөт. Бирок Казакстан менен Россиянын көрсөткүчтөрүнө салыштыра турган болсок, бул сумма аз эле болуп калат. Бизде оор же узакка созулган дартка кабылгандар каржыланбайт. Кээде бир эле бейтап жарым миллион сомдук дары ичиши мүмкүн. Мындай адамдарды республикалык стационардык ооруканага жиберүүгө аракет жасалат", — деди Калиев.

Фонддун башчысы мамлекет ооруканаларды шприц, кол кап, спирт сиңирилген салфетка жана башка материалдар менен камсыздай аларын билдирип, бейтаптар мындай медициналык керектөөлөрдү өздөрү сатып албашы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0