Ажылык сапарга барууга өлкө боюнча 7 миңге чукул адам катталды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ажылык серверге катталгандардын саны берилген квотадан 1580ге ашык болду

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 2018-жылы ажылык сапарга барууга өлкө боюнча 6895 адам катталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ажылыкка талапкерлерди серверге каттоо иши бүгүн, 28-февралда кечки саат 17:00дө токтотулган.

"Зыярат кылууга Баткен облусунан 628, Ош облусунан 2548, Ош шаарынан 782, Жалал-Абаддан 1313, Чүй өрөөнүнөн 965, Талас облусунан 94, Нарындан 45, Ысык-Көл облусунан 73 жана Бишкек шаарынан 447 адам катталган", — деп жазылат маалыматта.

Быйыл ажылык серверге катталгандардын саны берилген квотадан 1580ге ашык болгон. Мындан улам квотадан ашкан талапкерлер 2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн аймактык кезекке турушу керектиги кошумчаланган.

Буга чейин ажыга барчу зыяратчылардын кийимин тикчүлөр да тандалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0