Офицерлер абак кызматкерлеринин психологиясы боюнча тренингден өтүштү

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСотрудники ГСИН следственного изолятора в Бишкеке
Сотрудники ГСИН следственного изолятора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Практикалык сабактарга катышкан жетекчилер өздүк курам менен иштөө үчүн өздөрүнө ыңгайлуу багытты тандай алышты

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Күзөт жана конвоир департаментинин жетекчилиги өздүк курам менен психологиялык жактан иштөөнүн жол-жоболорун үйрөнүштү. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Эки күнгө созулган тренингге батальон жана рота командирлеринин орун басарлары катышып, психологдордон сабак алышты.

"Офицерлер кызматкерлердин психологиялык даярдыгы, экстремалдык абалдарда өзүн-өзүн алып жүрүүсү боюнча лекцияларды угушту. Мындан тышкары, суициддик кырдаалдарды алдын алуу, стресстик жагдайларды жөнгө салууну өздөштүрүштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле практикалык сабактарга катышкан жетекчилер өздүк курам менен иштөө үчүн өздөрүнө ыңгайлуу багытты тандай алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0