Сүрдөгөн, каткырган, ыйлаган депутаттар. Котормочу Карагулованын ыймандай сыры

© Фото / Ашыркул ОморовЗаведующая отделом лингвистической экспертизы аппарата ЖК Жумагул Карагулова
Заведующая отделом лингвистической экспертизы аппарата ЖК Жумагул Карагулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар парламенттин босогосун аттап, жаңы келгенде микрофондон кадимкидей сүрдөгөнү, бийлик алмашкан жылдардагы түнкү парламенттеги окуялары, ыйлаганы тууралуу биздин бүгүнкү маекте айтылат.

Жогорку Кеңештин котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн мурдагы эксперти, Лингвистикалык эскпертиза бөлүмүн мурдагы жетекчиси, Кыргызстандагы синхрондук котормонун баштоочуларынын бири Жумагүл Карагулованы Sputnik Кыргызстан кепке тартты.

— Жумагүл айым, мындан 23 жыл мурда синхрондук котормочулукка кантип келип калганыңыз бизге кызык болуп жатат. Жогорку Кеңеш шайлангандан тарта үзгүлтүксүз иштеп келе жатканыңызды билебиз.

Депутат парламента Кыргызстана Ирина Карамушкина - Sputnik Кыргызстан
Депутат Ирина Карамушкина кыргыз тилин кантип үйрөнүп жатканын айтып берди
— 1995-жылы синхрондук котормочулукка конкурс жарыяланган. Анда туруктуу 35 депутат иштеп, арасында орус тилдүү 5-6 эл өкүлү жана орус тилдүү журналисттер бар эле.

Парламентке биринчи ирет келгеним эсимде… Терезечеси бар алакандай кабинага алып киришти. Ал кезде синхрон дегенден түшүнүк да жок болчу. Жыйын болуп жатыптыр, которуп баштадым. Депутаттар сүйлөйт, алгач ээрчип, бара-бара тең которуп баштайсың деди. Процедуралык маселелер каралып жатыптыр, оңой иштей көрүндү.

"Саламатсыңарбы" деди, аны котордум, "ишибизди баштайлы" деди эле, аны орусчаладым. Карасам, кичине окшошуп баратат. Жанымдагы кошо сынап келген жетекчилер дым чыгарбай угуп турушат. Биринчи мүнөттөн тартып эле образга кирүү зарылдыгын дароо түшүндүм. Көрсө, өзүңдү унутуп, толугу менен ошол жакка өтүш керек экен. 1995-жылдан тарта синхрондук котормодомун. Жогорку Кеңештин I-чакырылышынан тартып VI чакырылышына чейин иштедим. 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Образга киргенге туура келет. Депутат столду бир койсо, кошо бир койгон, ордунан тура калса, кошо тура калган учурлар болгон", — дейт Жумагүл Карагулова
Заведующая отделом лингвистической экспертизы аппарата ЖК Джумагуль Карагулова - Sputnik Кыргызстан
"Образга киргенге туура келет. Депутат столду бир койсо, кошо бир койгон, ордунан тура калса, кошо тура калган учурлар болгон", — дейт Жумагүл Карагулова

— Ар бир депутаттын кыялын, кулк-мүнөзүн билип калсаңыз керек?

— Ооба, ар бир депутаттын лексиконун өздөштүрөсүң. Бир-эки жылдан кийин бүт жесттерин, мимикасын, ал тургай үнүнүн интонациясын билип каласың. Эгерде депутаттын сөзүн грамматика боюнча алып кетем десең, анда эле иштин бүткөнү, туура которо албай каласың. Синхрончунун негизги максаты — сүйлөп жаткан сөздүн маанисин, эмоциясын бериш керек. Депутаттын эң эле биринчи максаты элди ишендириш керек да. Эмоциясыз сөз толук берки тарапка жетпей калат. Андыктан, образга киргенге туура келет. Ал столду бир койсо, кошо бир койгон болосуң, ордунан тура калса, кошо тура каласың, сөгүнсө кошо сөгүнгөн учурлар болгон… Тажрыйба боюнча айтсам, менден көп мыйзам тилин уккан киши болгон жок. Ар бир депутат сүйлөйт, анын сөзү менин мээмден, жүрөгүмдөн өтөт да.

Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Момбеков: Алыкулдун ашканасы менен Токтогулдун тойканасы десе болот да
— ЖК депутаттарынын лексикону ар кыл. Кээси куудул сүйлөйт, кээси какшыктайт дегендей… Абдан күлкүңүз келген учурда абалдан кантип чыгасыз? Айталы, жарылып каткыргыңыз келди дейли…

— Макалды көп колдонгон, чечен Кубанычбек Идинов, Дооронбек Садырбаев сыяктуу депутаттар болгон эмеспи. Алардын бири макал-лакапты көп колдонгон, сөзмөр, эмоционалдуу болсо, Дооронбек Садырбаевич артист эле. Ал киши сүйлөп жатып, эмоцияга берилген, ыйлап жиберген учурлар болгон. Ошонун баарын эске алуу маанилүү эле. Мен да образга кирчүмүн. Сүйлөп жатканына ыңгайлашчумун.

— Ар бир депутат сиздердин "бутага" алынат турбайбы?

— Ар бир чакырылыш келген сайын депутаттардын сүйлөө маданиятын, лексиконун иликтеп чыгууга туура келет. Кыргызча таза сүйлөй алабы, же аралаштырып жибереби, ушундай учурларды карайбыз.

Баары эле оратор болуп келбейт да. Жарым жылга чукул көбү микрофондон сүрдөйт. Ошонун баары сыртынан байкап, манераларын үйрөнүп отурабыз. Бизди депутаттардын өздөрү эле эмес, журналисттер, чет элдик коноктор, сессияга чакырылгандардын баары угат да. Албетте, редакциялоо мүмкүнчүлүк жок, бирок аракет кылабыз, бирок өзүнүн деңгээлинде сүйлөп, эмнени айтууга аракет кылгандыгын берүүгө аракеттенебиз. 

© Фото / Ашыркул ОморовКарагулова жана анын шакирттери. Солдон оңго Кыял Мамбетова, Жумагүл Карагулова өзү, Айдай Белекова жана Кундуз Айткулуева
Заведующая отделом лингвистической экспертизы аппарата ЖК Джумагуль Карагулова - Sputnik Кыргызстан
Карагулова жана анын шакирттери. Солдон оңго Кыял Мамбетова, Жумагүл Карагулова өзү, Айдай Белекова жана Кундуз Айткулуева

— Жашыруун эмес, кагазга жазып алып, анысын араң окугандар деле болгон. Ошондон улам бир суроо… Кагазын алып келип, сиз менен иштешкен депутаттар барбы?

— Маркум Дооронбек Садырбаев оратор катары сүйлөгөндө, сөзүн даярдап, угуучуларга да, котормого да дыкаттык менен мамиле кылчу. Депутаттардын ичинен жалгыз гана ошол адам тексттин орусчасын жана кыргызчасын алдын ала берип койчу. Себеби, макал-лакаптарды, фразеологизмдерди, метафораларды көп колдончу. Менин сөзүмдү кыргыздар эле эмес, кыргызстандыктардын баары уксун дечү. Кийин андай депутат болгон жок.

— Парламентте эл өкүлдөрү эмоцияга берилип, кээде бири-бирине жулунуп, чокчоңдошо кеткен учурлар болгон. Анда эмне кыласыз?

Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Искусство ишмерлерин сагынткан Садырбаев. Тартылбай калган тасмалар
— Жаңы иштеп баштаганда сөз маданияты деген түшүнүктү кармайлы дегенге катуу тургам. Кээ бирде шалпыган сөздөр болот, кээде сөгүнүп жиберет. Кээде одоно тамаша кылышат, кээде тамашанын дагы чегинен чыгып кеткен учурда зал дуу күлөт. Илгери Мыйзам чыгаруу палатасынын учурунда Алевтина Проненко деген депутат бар эле. Бир күнү келип, "эмнеге которбойсуз, мени иштен калтырып жатасыз, баары күлүп жатса, мен түшүнбөй отурам" деп доомат койду. Кийин баарын үтүр, чекитине чейин которчу болдум, алигидей сөздөрүн да. Образга кирип кеткенде тандабай каласың. Ал киши токтомоюн, сен да токтобошуң керек. Колун силкеби, кыйкырабы, микрофонду чапкылайбы, баарын сөз менен аткарасың.

— Кээде ыйлап?..

— Болот андай учурлар. Өзгөчө Аксы окуясы эсимде… депутаттар барып келгендей кийин Асел Мамбеталиева, Алевтина Проненколор ыйлашкан. Андайда кошо ыйлайсың.

Бакиев убагында эки Конституция кабыл алынганда кандай чыңалуу жаралганы көптөрдүн эсинде болсо керек. Столдон микрофонду жулуп алып, бири-биринин башын жарууга даяр болгон учурлар болгон. Ошолордун баарына аралашып жашайсың.

…Бир окуя эсимде. 2005-жылы революция болбодубу. Мурдагы чакырылыш менен кийинки чакырылыштын депутаттары бир креслону талашып калды. Баары үрпөйгөн, саясий чыңалуу чарт жарылып кетчүдөй. Түнкү саат 1лер болчу. Үйдөн чакыртып келишти. Баары талкаланган, таланган. Анда азыркы парламент өкмөт отурган имаратта эле. Ошонун баары кишиге таасирин сөзсүз берет. Калчылдасаң да, оюңду топтогонго кадимкидей аракет кыласың. Андай учурда иштөө да кыйын. Өлкөдөгү тынч жашоодо иштеп жаткан учур менен дестабилизация болгон, кымгуут абалды салыштырып көрсөңүз… 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКарагулова: ар бир чакырылыш келген сайын депутаттардын сүйлөө маданиятын, лексиконун иликтеп чыгууга туура келет.
Заведующая отделом лингвистической экспертизы аппарата ЖК Джумагуль Карагулова - Sputnik Кыргызстан
Карагулова: ар бир чакырылыш келген сайын депутаттардын сүйлөө маданиятын, лексиконун иликтеп чыгууга туура келет.

— Азыркы чакырылыштагы депутаттардын ичинен кимди которуу кыйын?

— Азыр биздин котормочуларды кыйнаган депутат Рыскелди Момбеков. Ал киши абдан куюлуштуруп, речинин темпи да тез. Андыктан анын артынан үлгүрүү өтө кыйын. Макал-лакапты да көп колдонот. Төкмө сыяктуу сүйлөйт.

Депутат Садык Шер-Нияз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Садык Шер-Нияз Сариевадан экзамен алганда же "коломсок" менен "кирич" деген эмне?
Дагы бир кыйынчылык жараткан нерсе — диалектилер. Облустардан депутаттар келет да. Бир ирет менде оңбогондой эле казус болду. Жаңы депутат келип, кийин төрага болуп калды. Спикердин сөзүн жаңылбай которуш керек да. Бир күнү эле "урматтуу депутаттар, мен өзүмдүн округумдан бирөөнүн катынын алып" деп калды. "Кимдин катынын алды, кокуй" деп түшүнбөй, күмөнсүп калдым. Башында эмне деп которорумду билбей, такала түштүм… Көрсө, кадимки эле кат деген сөз экен, жазган "катын" дептир да. Анан кечинде үйгө барып, тилдик өзгөчөлүктү иликтеп баштадым. Көрсө, Баткен аймагында таандык мүчөлөрү уланып кетет тура. Бул тилдин өзгөчөлүгү экенин ошондо билдим.

— Азыр парламентте сиздерге түзүлгөн шарт кандай?

— 23 жыл иштедим, таарыныч деле эмес, бирок жетекчиликтин көңүлү котормочуларга бурула элек. Түзүп берген шарт абдан начар. Кабинеттин ичиндеги кабинада отурабыз, ал жерде же аба жок, же күндүн нуру тийбейт. Саат сегизде кирип, кечки алтыда чыгабыз… Бул маселени бир нече ирет көтөрдүм, менден кийин деле жаштар келет, аларга деле ден соолук керек да… Аракеттер болду, бирок калды ошол бойдон…

Синхрондук котормо маселесин парламенттин эле эмес, республиканын деңгээлинде көтөрүш керек го деген ойго кеттим. Бош учурумда, иштен тышкары эл аралык деңгээлдеги жыйындарга чакырып калышат. Байкасам, жалган котормочулар көбөйө баштаптыр. Англис тилин жакшы билгени менен кыргызча билишпейт. Иш-чарага катышууга айылдан келгендерди чакырганда кыргызчага которо турган котормочу керек болот. Ошол келгендерди сыйлабастык кылышат. Ушундай бир тантыйт! Кыргызча билбеген, шаарда өскөн баланын кыргызчага которуп жатканын элестетип көрсөңүз. Биринчиден, ушуга көңүл буруш керек. Синхрондук котормочулардын уюмун, ассоциациясын түптөп, этикалык бир кодексин иштеп чыгуу керек го. Себеби тил бузулуп жатат. 2-3 жолу өзүм угуп, "уят эмеспи, акча үчүн ушундай нерсеге барасыңарбы" деп кызыл чеке да болуп кеткем. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКарагулова: 1995-жылдан тарта синхрондук котормодомун. Жогорку Кеңештин I-чакырылышынан тартып VI чакырылышына чейин иштедим, өмүрүмдүн жакшы жылдарын арнадым…
Заведующая отделом лингвистической экспертизы аппарата ЖК Жумагул Карагулова - Sputnik Кыргызстан
Карагулова: 1995-жылдан тарта синхрондук котормодомун. Жогорку Кеңештин I-чакырылышынан тартып VI чакырылышына чейин иштедим, өмүрүмдүн жакшы жылдарын арнадым…

— Акыркы маалымат боюнча иш ордуңузду которуптурсуз?

— Ооба, ротация боюнча президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгына жазуу жана синхрондук котормочу катары келдим. Жогорку Кеңештен кетүү мага оңой-олтоң болгон жок, өмүрүмдүн жакшы жылдарын арнадым эле… Мени жаңы жетекчилик тарабынан менин көп жылдык тажрыйбам бааланып жаткандыгы абдан кубандырат. Өкүнгөнүм, Жогорку Кеңеште жаңы бөлүм ачтырып, анда мыйзамдын кыргызча тилинин көптөгөн көйгөлөрү чечилбей калгандыгы. Ал маселелер менен эч кимдин эч кандай иши жок сыяктуу…

Дагы бир нерсени айткым келет, артымда өзүм он жылдан ашык даярдаган Кундуз Айткулуева, Айдай Белекова, Кыял Мамбетова деген синхрондук котормочулар калды. Алардын кесипкөйлүгү менден да ашат, келечекте Кыргызстандагы синхрондук котормонун чеберчилигин алдыга жылдырат деп ишенем.

Жаңылыктар түрмөгү
0