Бийлик "Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөшүүнүн жолун тапты

Жазылуу
1-март күнү башталган рейдди бийлик күн сайын өткөрүп турууну чечти

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ленин районунун жетечилиги "Ош" базарындагы мыйзамсыз соода-сатыкты токтотуу үчүн ыкчам топ түзгөнүн Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бир жылда бир батир ала турган акча тапчубуз. Жок болуп бара жаткан Ош базары - Sputnik Кыргызстан
Бир жылда бир батир ала турган акча тапчубуз. Жок болуп бара жаткан "Ош" базары
Аталган топко салыкчылар, милиционерлер, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн, Санитардык-экологиялык инспекциянын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын, Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин, Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кирди.

1-март күнү башталган рейдди бийлик күн сайын өткөрүп турууну чечти.

Маалыматка караганда, атайын соода кылуу үчүн бөлүнбөгөн жерде товарларды саткандарга 2 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0