Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев ознакомился с объектами газотранспортной системы ОсОО «Газпром Кыргызстан», расположенными в селах Беловодск и Сокулук.

Арча-Бешиктин тургундары "Газпром" казган аңдарга нааразылыгын билдиришти

167
(жаңыланган 10:24 03.03.2018)
Жергиликтүү тургундар казылган аңдан улам суунун куурлары тоңуп калганын айтышууда

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Арча-Бешик конушунун тургундары алардын көчөсү былтыр жайда казылып ошол бойдон турганын айтып, даттанууларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жиберишти.

Ага ылайык, "Газпром Кыргызстан" компаниясы былтыр жайында Түштүк магистрал аймагына жана Дооронбек Садырбаев (мурдагы Бах) көчөсүнө газ тартып келүү аракеттерин көргөн. Казылган аңдар толтурулбагандыктан таза суу барган куурлар сууктан улам тоңуп, тургундар ичүүчү суусу жок калышкан. 

Ремонтные работы Газпрома в Арча-Бешике
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Ремонтные работы в Арча-Бешике

"Балдар бир нече квартал алыска барып суу ташып жатышты. Өткөндөгү катуу сууктан куурлар тоңуп калган", — деген пикирин жергиликтүү тургун билдирди.

Газ плитасы. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба "Газпром Кыргызстан"
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалымат кызматы Он-Арча жана Көк-Дөбө көчөлөрү боюнча сөз болуп жатканын маалымдады.

Ага ылайык, конушка газ алып баруу иштери 2017-жылы башталып, аталган аймак 9 аймакка бөлүнгөн.

"Учурда эки аймакта иштер улантылып, аяктоо алдында турат. Бардык иштер аяктагандан кийин жогорудагы көчөлөр калыбына келтирилет", — деп компаниядан билдиришти.

Иш качан толук аяктай турганын такташкан жок.

167
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, Арча-Бешик, 'Газпром Кыргызстан' ЖЧКсы, суу
Тема боюнча
Бишкектеги Тыныстанов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
Камыр жайып жаткан келин. Архив

Кайнатамдын майдачыл, эзмелигинен тажадым. Келиндин даты

85
(жаңыланган 11:56 18.09.2021)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кайнатасынын майдачылдыгына нааразы болгон келиндин катын жарыялайбыз.

Саламатсыздарбы! Мен 25 жаштамын. Турмушка чыкканыма алты айдын жүзү болду. Өзүм Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштейм. Учурда боюмда бар. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Өзү шаардык бала. Кайненем он жыл мурда эле каза болуп калыптыр. Бирок эмнегедир ошондон бери кайнатам үйлөнгөн эмес. Башында чынында жолдошумдун шаарда үйү бар экенин угуп сүйүнгөм. Анткени батирлеп көчүп жүрүү кимге жаксын? Азыр, тескерисинче, жумуштан кийин үйгө баргым келбейт. Себеби кайненеден ашкан майдачыл кайнатам бар. Атабыз ушунчалык таза, кырс, эзме адам. Адамды сөз менен эле мээсин жеп, ыйлатып салат. Анда-санда болсо бир жөн, күндө кылган ишиңден кынтык табат. Ал аз келгенсип күйөөм келсе аны да өзүнчө чакырып алып, бир нерселерди айтып даттанат. Бир жакка кетсе аябай сүйүнүп, үйдө кенен басып калам.

Эми робот болбогондон кийин кээде идиштер чачылып калат же жумуштан чарчап келгенде бир аз эс алып жүргүң келет да. Жок, бизде күнүнө үйдү кырып-жышып жууп, аскерде жүргөндөй бир из менен басып жүрүш керек. Ээн-эркин жашамай жок. Колуман бир нерсе түшүп кетсе "мынча сомго үйдү евроремонт жасагам, даярга келсе анын баркын билмек беле?" деп сүйлөнөт. Ушунчалык тажап кеттим. Туугандарыбыздын келиндеринен атабыз убагында кайненеме да ушундай мамиле кылганын угуп жаман болдум. Себеби кайненем оорудан көз жумган. Ушинтип жей берип оорукчан кылган го. Азыр мен да жукарып бара жатат окшойт. Айткан сөздөрүн кулак сыртынан кетирип, көңүлгө албоого аракет кылчумун. Азыр бул да колумдан келбей калды. Ыйлайм же кечке ойлоном, кабатырланам, ачууланам.

Минтип отурсак беш жылдан кийин оорукчан болуп каларым анык. Тажаганымдан ажырашып деле кетким келет. Бирок "чыдайын, обу жок болбоюн" деп өзүмдү алдап келем. Күйөөм да бир атасына таарынса, бир мени жаман көрүп эле ортодо кыйналды. Бөлүнөлү десек да болбойт.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Үй-бүлөдө кайната менен келиндин пикир келишпестиги аз болот. Келин көбүнчө кайнене, кайнеже, кайынсиңди менен тил табыша албай калат.

Эми бул жерде кайнатаңыздын кандай үй-бүлөдө чоңойгону да маанилүү. Мүмкүн ал киши кичинесинен эле апасына жардам берип, идиш-аякка аралашып, кийин үйлөнгөндө деле балдарды да өзү тарбиялап, ички үй жумуштарын жасап көнүп калгандыр. Бул жагын да эске алуу керек.

Ал кишинин аял жумуштарга киришкенинен улам үйдө кыйын жагдай жаралып жаткандыгын айтыптырсыз. Алгач "кайнатама кандай мамиле кылсам, жасаган ишимден кынтык таппайт" деп оюндагыдай мамиле жасоонун жолдорун издеп көрсөңүзчү. Анын деле чогуу отуруп сырдашчу кишиси жок, жан дүйнөсү жабыркап, балким, ичинде көйгөйлүү маселелери бардыр. Бул жагын да ойлойлу.

Дароо эле ажырашууну көздөгөн чечим чыгарбоо кеңешин берет элем. Турмушта ар кандай кыйынчылыктар болот. Алгач аны чечүүнүн жолдорун карашыбыз керек.

Негизи эркек менен аялдын психологиясында өзгөчөлүктөр болот. Муну да иликтеп көрүңүз.

Үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай мамиле жасап, өзүңүздү мындай оор кырдаалда кантип алып жүрүү керектиги тууралуу психологго да кайрылыңыз. Же болбосо апаңыздан, улуу эжеңизден кеңеш сурасаңыз жакшы болмок.

Өзүңүздүн да саламаттыгыңызды карашыңыз керек, мындан тышкары, азыр күйөөңүз да кыйын кырдаалда экенин унутпаңыз.

85
Белгилер:
кайната, келин, күйөө, турмуш, шаар, батир, үй, оокат
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Жолдошум менен эки бөлөк жатмай адатка айланды... Келиндин даты
Тапкан акчасын туугандарына чачып чарчатты. Жолдошуна көз каранды келиндин каты
Вакцина алып жаткан адам. Архив

COVID: кайсы учурда адам мөөнөтүнөн мурда кайталап эмделиши керек

21
(жаңыланган 11:40 18.09.2021)
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны алты айдан кийин кайталап алууну сунуштап жатат. Дарыгер вакцинаны андан мурда алып алса эмне болорун түшүндүрдү.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Коронавируска каршы кайталап эмдөөнү белгиленген мөөнөтүнөн мурда алып алса эмне болорун Sputnik радиосунун эфиринде медицина илимдеринин кандидаты, иммунолог Николай Крючков айтып берди.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны алты айдан кийин кайталап алууну сунуштап жатат.

"Алгачкы эмдөөдөн алты ай өткөн соң создуктуруп жүрө бербей, кайталап алуу керек. Анткени антитело таптакыр жок болуп кете электе кайрадан препаратты алып, иммунитетти бекемдеп коюу кажет", — деди ал.

Ошондой эле дарыгер экинчи ирет вакцинаны алты айга жеткирбей алып алса эмне болорун түшүндүрдү.

"Мөөнөтүнөн эрте алып коюу анчалык чоң зыян алып келбейт, бирок пайдасы деле көп эмес. Ошондуктан туура алты ай өткүчө күтө турган жакшы", — деди медик.

Адистин айтымында, вакцинаны үч учурда мөөнөтүнөн мурда алууга болот. Биринчиси — эпидемиологиялык абал турукташа элек мамлекетке кетчү адам, экинчиси — иммунитети бир топ түшүп кеткендер. Ошондой эле 70-80 жаштан өтүп калган кары-картаңдарды 4-5 айдан кийин кайра эмдей берсе болот.

21
Белгилер:
Россия, вакцина, курак, дарыгер
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID статистикасы: 86 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап акка моюн сунду
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров. Архив

Эксперт: коррупция менен күрөшүү боюнча ЕАЭБде бирдиктүү долбоор керек

0
(жаңыланган 12:51 18.09.2021)
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров коррупция менен күрөшүүдө башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары дагы изилдене турганын белгиледи.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн деңгээлинде коррупция менен күрөшүүнү бирдиктүү колго алуу зарыл. Себеби ошол эле бажы, чек ара жаатында коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу керек. Бул тууралуу Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Эксперт: коррупция менен күрөшүү боюнча ЕАЭБде бирдиктүү долбоор керек

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүдө уюмга мүчө мамлекеттерде ар кандай ыкмалар колдонулат.

"Башка мамлекеттердин ийгиликтүү тажрыйбаларын изилдеп көрдүк. Ошол эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин дагы тажрыйбасын эске алдык. Уюмга мүчө мамлекеттерде коррупциялык көрүнүштөр, аны менен күрөшүү ыкмалары дагы ар башка болууда. Мисалы, Казакстанда коррупция менен күрөшө турган медиа борборлор бар. Алар көз карандысыз делингени менен президенттин алдында. Ал борбор коррупциялык көрүнүштөрдү коомго ачыктап чара көрүү аркылуу иш алып барат. Ошону менен өз натыйжасын көрсөтүп келе жатат. Ал эми Россияда, Беларуста, Арменияда деле бул багытта иш жүрөт. Бирок коррупция менен күрөштө жетиштүү деңгээлде натыйжасы байкалбайт. Ошондуктан ЕАЭБдин деңгээлинде коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү долбоор даярдалышы зарыл. Уюмдун ичиндеги өлкөлөрдүн бажы жана чек ара кызматтарында кездеше турган коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу шарт. Себеби көмүскө товарлар кирип, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилиши мүмкүн", — деди Мамбеткадыров.

Ошондой эле кайсы бир өлкөнүн тажрыйбасын колдонордон мурда жергиликтүү менталитетти эске алуу зарыл экендигин кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

0
Белгилер:
Айдар Мамбеткадыров, коррупция, Евразиялык экономикалык биримдик, тажрыйба
Тема боюнча
Коопсуздук кеңеш аймактык органдардагы коррупциялык тобокелдиктерди аныктоодо