Формальдегид деген эмне, ал КРде тигилген кийимдерде барбы? Дарыгер менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын дарыгерлери Кыргызстанда тигилди делген балдардын кийимдеринен формальдегиддин белгилери табылганын билдиришкен. Made in KG деген кийимдер балдар үчүн чындап эле коркунучтуубу деген суроо менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин адиси Мария Кушубаковага кайрылып, жооп алдык.

Казакстандын Караганда шаарындагы базар менен дүкөндөрдө сатылып жаткан "Кыргызстанда жасалган" деген белги тагылган балдардын кийимдеринен формальдегид табылганы маалымдалган. Андыктан формальдегид деген эмне, ден соолукка зыянбы, кантип балдардын кийимдеринен чыгып калды деген сыяктуу бир топ суроолор пайда болгон.

Буга Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин балдардын жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова жооп берди.

© Фото / Азамат ИмакеевСаламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин балдардын жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова
Специалист Минздрава КР Мария Кушубакова - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин балдардын жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова

— Айтсаңыз, формальдегид деген эмне?

— Формальдегид бул газ түрүндөгү нерсе, ошентсе да түрдүү абалда кездешет. Ал медицина, курулуш материалдарынан тарта кагаз даярдоо, текстиль, балдардын кийимдери менен оюнчуктарына чейинки көптөгөн тармактарда колдонулат. Ошондой эле кийимдин өңүнүн ачыктыгы жана жуугандан кийин бырышып калбашы үчүн колдонулат. Мунун бардыгы ЕАЭБдин техникалык регламентинде көрсөтүлгөн нормалардын чегинен ашпашы кажет. Бир жашка чейинки ымыркайлардын буюмдарында бул затты колдонууга тыюу салынат. Ал эми бир жаштан үч жашка чейинкилердин кийим-кечелеринде 1 грамм кездемеге 20 микрограмм (граммдын миллиондон бир бөлүгү) формальдегид колдонууга уруксат берилет.

— Көпчүлүк окурмандар формальдегид уу затпы, ден соолукка терс таасир тийгизбейби деп суроо салышууда?

Магазин детской одежды в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
Казакстан уу зат табылган кийим кайсы фирмага таандык экенин расмий билдире элек
— Эгер сапатсыз курулуш материалдарынан бөлүнүп чыккан буу түрүндөгүсүн жыттаса, дем алуу органдары жабыркайт. Андан сырткары, кишинин башы айланып, уйкусу, кускусу келип шалдырап калат. Оюнчуктар тууралуу айтсак, кичинекей балдар оозуна салып, колу менен көп кармай турганын эске алганда ашказан-ичегилер жабыркайт. Ал эми кийимдегилер тери аркылуу организмге кирип, дерматит жана башка аллергияларды козгошу мүмкүн.

— Демек, формальдегид организмге кандай жол менен киргенине жараша кесепеттери байкалат экен да?

— Ооба, бирок ошол эле учурда формальдегид организмде көпкө чейин чогулуп, мутация болуп кетүү ыктымалдыгын да унутпоо зарыл.

— Формальдегидден ууланып калуунун алдын алууга болобу, жол-жобосу кандай?

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажыга барчу зыяратчылардын кийимин тикчүлөр аныкталды
— Эгер курулуш материалдары тууралуу айтсак, аларды желдетип же үйдө формальдегидди соруп алуучу драцена сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү кажет. Ал эми балдарга кийимди сатып алгандан кийин дароо кийгизбей, жууш керек. Анткени суу токсиндерди тазалап, кийим эч кандай коркунуч жаратпайт. Негизи эле жаңы сатып алган кийимдерди жууп туруп кийген оң. Бул формальдегид менен деле байланыштуу эмес, болгону гигиенаны сактоо зарыл. Анткени сиз алган кийим кампада канча сакталып, кайсы жерде болду кайдан билесиз.

— Казакстандын ЖМКларында Кыргызстанда тигилген кийимдерде формальдегид бар экен деген маалыматтар канчалык туура?

— Ооба, интернетке ушундай маалыматтар чыкты, бирок казак тараптан расмий түрдө кат келген жок. Мындай жаңылыктардан улам биздин базарлардагы кийимдердин үлгүлөрүн алып изилдөө үчүн лабораторияга жибердик. Мындай изилдөөлөрдү такай жасап турабыз, анда нормадан ашкан учурлар болгон эмес.

— Балким формальдегиддин нормасы боюнча Казакстан менен биздин нормативдер башка болуп жүрбөсүн?

— Жок, андай болушу мүмкүн эмес. ЕАЭБдин бирдиктүү техникалык регламенти бардыгыбызга тиешелүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0