Муфтий Борбор Азия тургундарын террорчулар кантип азгырып жатканын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековОколо сотни тысяч верующих пришли праздничный "Айт Намаз" в центре Бишкека
Около сотни тысяч верующих пришли праздничный Айт Намаз в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максатбек Токтомушев Астанада өтүп жаткан форумга катышууда

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Террорчулар жай тургундарды интернет аркылуу азгырууда. Мындай пикирин Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев Астанада өтүп жаткан "Евразия чөлкөмүндөгү Ислам маданиятынын өнүгүүсү: кечээ, бүгүн, эртең" аттуу форумда сүйлөп жатып билдирди.

Sputnik Казакстан агенттигинин маалыматы боюнча иш-чара 1-март күнү башталган.

Анын айтымында, азгырыкка көбүнесе хадистерди туура эмес түшүнгөн жарандар туш болот.

"Интернет аркылуу азгыруу күч. Терс таасирге билими аздар кабылат. 2014-жылы "Ислам мамлекети" ишмердигин баштаганда Кыргызстандан 400 киши кеткен. 2015-жылы экстремизм менен террорчулукка каршы 800, кийинки жылы 6 миңге чукул иш-чара өткөрдүк. Акыркы убакта биздин укук коргоо органдары кыргызстандык жарандардын сыртка чыгуусу дээрлик токтогонун айтууда", — деди Токтомушев.

Муфтий Борбор Азия өлкөлөрүндө мусулман баласынын адеп-ахлактуу жүрүм-туруму канчалык мааниге ээ экени түшүнүктүү боло баштаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0