Диктор Нуркамал Турсунбекова: балалыгым аскер шаарчасында өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековДиктор и PR-консультант телеканала НТС Нуркамал Турсунбекова
Диктор и PR-консультант телеканала НТС Нуркамал Турсунбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нуркамал Турсунбековага мамлекеттик телеканалдын жүзү болуп, жаңылыктарды алып баруу шыбагасы 21 жашында эле буюрган. Азыр ал дикторлук менен катар эле эл аралык долбоорлор менен иштешип, PR-консультант кызматын да кошо аркалап келет.

Нуркамал Турсунбекова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева баарлашты.

© Фото / из личного архива Нуркамал ТурсунбековойНуркамал Турсунбекова: мектепте окуп жүргөндө дил баяндарды жакшы жазып, өзүмдү гуманитардык сабактарга чукул экенимди байкачумун. Мындан улам журналист да болгум келчү
Диктор и PR-консультант телеканала НТС Нуркамал Турсунбекова - Sputnik Кыргызстан
Нуркамал Турсунбекова: мектепте окуп жүргөндө дил баяндарды жакшы жазып, өзүмдү гуманитардык сабактарга чукул экенимди байкачумун. Мындан улам журналист да болгум келчү

— Келбетиңизди көрүп көбү башка улуттун кызы деп ойлосо керек?

— Ата-энем экөө тең кыргыз. Бишкек шаарында эле төрөлгөм, бирок балалыгым Караколдо аскер шаарчасында өткөн. Атам аскер кызматкери болгонго тааныштар "баарыңар олуттуу жүрөсүңөр, үй-бүлөңөрдө тартип катуу болсо керек" деп айта берчү. Бирок атам кызматта сүрдүү болгону менен балдарына жумшак эле. Апам медицинада 30 жылдык тажрыйбасы бар дарыгер. Китептен башын албайт. Азыр деле үйгө барып калсаң жумуштан келип алып китеп окуп отурганын көрөм. Атам мен университетте окуп жүргөндө 5-курста ооруп, каза болуп калды.

— Ата-энеңиз дарыгер же аскер кызматкери эмес, журналист болушуңузга кандай карашты?

Ала Тоо 24 каналынын атайын кабарчы жана алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Актилек Гүлжигит кызы: үч баланын энеси экениме карабай колумду сурагандар көп
— Апам медик болууну көп жолу сунуштаган, бирок таптакыр кызыккан жокмун. Кичинекей кезимде стюардесса болсом деп кыялданчумун, бирок учакка отурганда бийиктиктен корко турганымды билдим, азыр деле кооптонуп турам. Мектепте окуп жүргөндө дил баяндарды жакшы жазып, өзүмдү гуманитардык сабактарга чукул экенимди байкачумун. Мындан улам журналист да болгум келчү. Бирок 9-класс болгондо ата-энем "кайсы кесиптин ээси болосуң, эртерээк танда, кошумча сабактарга бар" деп калды. "Журналист болгум келет" десем экөө тең көңүлдөнбөй коюшту. Ал кезде мобилдик байланыш адистиги актуалдуу болуп турган. Математика, физикадан кошумча сабактарга барып, 11-классты бүткөндө Политехникалык университеттин инженер-байланыш адистигине тапшырдым.

© Sputnik / Табылды КадырбековБашында эфирди орус тилинде алып барса, азыр кыргыз тилдүү диктор
Диктор и PR-консультант телеканала НТС Нуркамал Турсунбекова - Sputnik Кыргызстан
Башында эфирди орус тилинде алып барса, азыр кыргыз тилдүү диктор

— Анан кандайча теле жаатына келип калдыңыз?

Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбаева: аялдардын көбү айтпайт, бирок жалгыз бой эне болуу кыйын
— Баягы "теледе иштесем" деген көксөө оюман кетпей койду. 2-курс болуп калганда алгач "Түнкү белес" деген радиого барып, андан соң "Замана" студиясына штаттан сырткары кабарчы болуп иштеп калдым. Бир күнү сюжет жасап жүрүп Шалиман Нурматова деген диктор эжеден интервью алып жатсам, "сенин келбетиң дикторлукка туура келет экен, мен сага баарын өзүм көрсөтүп берейин" деп акы албай студияда отургандан тарта, сүйлөө техникасына чейин үйрөттү. Кийин ЭлТР телеканалында дикторлукка кастинг болуп өтүп кеттим. Кийин Кыргыз-Славян университетинин журналистика факультетинин окутуучуларынан сабак алдым. Анын баары менин теле тармагында өз ордумду тапканга жардам берди. Баса, башында эфирди орус тилинде алып барчумун, азыр кыргыз тилдүү диктормун.

— Бир тилден экинчи тилге өткөндө кыйналган жоксузбу?

— Жетекчилик "сенин келбетиң кыргыздарга окшош эмес, кыргызча алып барсаң, балким элге да кызык болоор" деп сунуштап калды. Бирок мен орус тилдүү бакчага барып, расмий тилде сүйлөп көнүп калганга башында кыйналып, кыргызча китептерди көп окуп жатып, акыры кыргызча алып барууга өтүп кеттим.

© Фото / из личного архива Нуркамал ТурсунбековойТурсунбекова: жетекчилик "сенин келбетиң кыргыздарга окшош эмес, кыргызча алып барсаң, балким элге да кызык болоор" деп сунуш киргизген
Диктор и PR-консультант телеканала НТС Нуркамал Турсунбекова - Sputnik Кыргызстан
Турсунбекова: жетекчилик "сенин келбетиң кыргыздарга окшош эмес, кыргызча алып барсаң, балким элге да кызык болоор" деп сунуш киргизген

— Дикторлук башка кесиптерден эмнеси менен айырмаланат?

— Теледе аткарылып жаткан ишти өз-өзүнчө карап баалоого болбойт. Кабарчы, диктор, оператор бир процессти баарылап алып барабыз, ар бирибиздин жумушубуз маанилүү. Себеби операторсуз журналист материал жасай албайт, сюжет жок, эфир болбойт дегендей. Андыктан дикторлук кесипти да өз алдынча кароого мүмкүн эмес. Ал эми жалпысынан теледе иштеген адамдар тууралуу айтсам, коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдөн кыя өтө алышпайт.

— Ошол бойдон эле кесибиңиз менен иштебей калдыңызбы? Ата-энеңиз медиа тармагын кандай кабыл алды?

— Каршы болгон жок. "Өзүңдүн күчүң менен ийгиликтерге жетип жатасың, колдойбуз" дешти. Ошентип окуумду бүткөндө өз кесибим менен иштейин деп Мамлекеттик байланыш агенттигине барсам "сен теле тармагында иштеп, журналистиканы өздөштүрүп калыптырсың" деп маалымат катчынын кызматына алды. Ал жакта үч жыл эмгектенип, андан соң "Кыргызстан Сорос " фондусунда, кийин фрилансер катары ар түрдүү уюмдар менен иштеп калдым. Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинде пиар-консультанттык кызмат өтөдүм. Дикторлук кесибимди таштабай НТС телеканалында жаңылыктарды алып барам. Бирок жакында эле кыздуу болгондуктан, азыр өргүүдөмүн. Иштеп жүргөн киши үйдө отура албайт экен. Эл аралык ири долбоор сунушталып, кызымды уктатып коюп түнкүсүн иштеп жаттым. Жыйынтыгы жаман болгон жок.

© Фото / Наиль НасридиновДиктор: жолдошум коммерциялык банктардын биринде филиалдын жетекчиси. Билимдүү адам. Мени колдоп турат
Диктор и PR-консультант телеканала НТС Нуркамал Турсунбекова - Sputnik Кыргызстан
Диктор: жолдошум коммерциялык банктардын биринде филиалдын жетекчиси. Билимдүү адам. Мени колдоп турат

— Канча балаңыз бар?

— Турмушка чыкканыма төрт жыл болуп калды. Нарынга келин болгом. Кызыгы, мен буга чейин жумуш менен өлкөнүн бардык аймагына барып, бир гана Нарынга барбаптырмын. Туз буюруп, ошол жактын бүлөсү болуп калдым. Үч жашар уулубуз жана төрт айлык кызым бар.

— Жолдошуңуз жумушуңузга кандай карайт?

— Ал менин өсүшүмө ар дайым көмөктөшүп кеңешин берип келет. Колдоосуна абдан ыраазымын. Өзү коммерциялык банктардын биринде филиалдын жетекчиси. Билимдүү адам.

© Sputnik / Табылды КадырбековНуркамал Турсунбекова Нарындын келини, ушу тапта бир уул менен бир кызды тарбиялап келет
Диктор и PR-консультант телеканала НТС Нуркамал Турсунбекова - Sputnik Кыргызстан
Нуркамал Турсунбекова Нарындын келини, ушу тапта бир уул менен бир кызды тарбиялап келет

— Нарындыктар жактыбы анан? Келиндин барган жылы эсинен кетпейт эмеспи, андай учурлар баштан өтпөй койбосо керек?

— Ооба, Нарындын элин аябай сыйлайм. Ата-энебиз Бишкекте эле турат, тууган-урук ошол жакта. Тааныштарым "турмушка чыккандан кийин кыргызча сүйлөп калдың" деп айтышат. Жаңы үйлөнгөн жылдары чоң атабыз менен чогуу туруп калдык. Ал киши кыргыздын нукура сөздөрү менен сүйлөп, кээде түшүнбөй калчумун. Нарында чач өрүү деген салт бар экен, мен аны биринчи жолу келин болуп барганда көрдүм. Мени ортого коюп алып аялдар айлана-тегерете отуруп чачымды сары майлап өрүшкөн. Салттардын көбүн үйрөндүм.

Кеп маданияты, диктордук кесип тууралуу Айнура Кабатай кызы менен болгон маекти да бир окуп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0