Кенекеев "Достук" көзөмөл өткөрүү жайына барып, абал менен таанышты

© Фото / пресс-служба ГПС КРРабота КПП "Достук-автодорожный" в Ошской области
Работа КПП Достук-автодорожный в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер өкмөт "Достукта" Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлеринин санын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын маалымдады.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан "Достук" көзөмөл өткөрүү жайындагы элди ары-бери өткөрүүдөгү кыйынчылык кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда. Бул тууралуу вице-премьер Даир Кенекеев аталган жайга барганда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирген. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

© Фото / пресс-служба ГПС КРКыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан "Достук" көзөмөл өткөрүү жайындагы элди ары-бери өткөрүүдөгү кыйынчылык кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан Достук көзөмөл өткөрүү жайындагы элди ары-бери өткөрүүдөгү кыйынчылык кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан "Достук" көзөмөл өткөрүү жайындагы элди ары-бери өткөрүүдөгү кыйынчылык кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда
© Фото / пресс-служба ГПС КРКенекеев өкмөт Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлеринин санын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын маалымдады.
Кенекеев өкмөт Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлеринин санын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын маалымдады. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кенекеев өкмөт Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлеринин санын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын маалымдады.
1/2
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан "Достук" көзөмөл өткөрүү жайындагы элди ары-бери өткөрүүдөгү кыйынчылык кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда
2/2
Кенекеев өкмөт Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлеринин санын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын маалымдады.

"Кыйынчылыктар жана ыңгайсыздыктар кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда. Бирок бүгүн (3-мартта – ред.) кошумча түрдө төрт: республикага кирген эки, республикадан чыккан эки кабина орнотулат. "Достук" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу өткөн эки өлкөнүн жарандарынын саны күнүнө 7 миңден 11 миң адамга чейин жетүүдө", — деп маалымат берген Шаршеев.

Кыргыз-тажик чек арасы: түшүнбөстүк чыккан аймакка көпүрө курулду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасы: түшүнбөстүк чыккан аймакка көпүрө курулду. Видео
Кенекеев өкмөт Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлеринин санын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын маалымдады. Мындан тышкары, жолду кеңейтүү пландаштырылып жаткандыктын "Достукка" алып баруучу жол жээгиндеги курулган турак жай жана башка курулуштардын мыйзамдуулугу боюнча инвентаризациялоо жүргүзүүнү тапшырды.

2018-жылдын январь айынан тарта "Достук" көзөмөл өткөрүү жайындагы паспорттук көзөмөл иши 10 кабинада жүргүзүлүүдө.

Кечээ премьер-министр Сапар Исаков Кенекеевди кабыл алып, Ош облусундагы "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0