Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун айланасына курула турган этно-шаарчанын макети жана ага даярдалган видеороликти жактырды

Сулайман-Тоонун жанына курула турган этно-шаарчанын макети даяр болду

196
(жаңыланган 09:31 05.03.2018)
Курула турган шаарчанын аянты 10-15 гектарга жакын болот

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун айланасына курула турган этно-шаарчанын макети жана ага даярдалган видеороликти жактырды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

  • Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун айланасына курула турган этно-шаарчанын макети жана ага даярдалган видеороликти жактырды
    Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун айланасына курула турган этно-шаарчанын макети жана ага даярдалган видеороликти жактырды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Кыргызреставрация илимий изилдөө долбоорлоо институтунун башчысы Жумамидель Иманкуловдун айтымында, курула турган шаарчанын аянты 10-15 гектарга жакын болот.
    "Кыргызреставрация" илимий изилдөө долбоорлоо институтунун башчысы Жумамидель Иманкуловдун айтымында, курула турган шаарчанын аянты 10-15 гектарга жакын болот.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 2
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун айланасына курула турган этно-шаарчанын макети жана ага даярдалган видеороликти жактырды

"Кыргызреставрация" илимий изилдөө долбоорлоо институтунун башчысы Жумамидель Иманкуловдун айтымында, курула турган шаарчанын аянты 10-15 гектарга жакын болот.

"Ал жердеги "Кол өнөрчүлөр" көчөсү жандандырылып, чеберлер өз өнөрүн көрсөтө алышат. Келген эс алуучуларга жана туристтерге ыңгайлуу болгон амфитеатр, кичи мейманканалар курулат. "Алымбек датка" борбору өңдүү жайларды да курууга болот. Бул этно-шаарчада жалаң гана кыргыздын нукура музыкасы жаңырып турат. Долбоорду ишке ашырууга болжол менен 200 миллион сом сарпталышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Эми аталган долбоор атайын адистердин талкуусуна дагы бир жолу коюлуп, андан соң премьер-министр Сапар Исаковго сунушталат.

Белгилей кетсек, министр Жумагулов өткөн жылдын декабрь айында Сулайман-Тоонун тегерегине этно-шаарча куруу боюнча демилге көтөрүп чыккан.

Мындан сырткары, Жумагулов "Таза жашоо" улуттук кампаниянын алкагында Сулайман-Тоодогу "Рават Абдылахан" мечити менен байыркы мончонун ортосундагы аймакты тазалоо үчүн ишембилик жүргүзүү боюнча тапшырма берген.

196
Белгилер:
Султан Жумагулов, Сулайман тоо, Ош
Тема боюнча
Мэрия: жаз келери менен борбор калаа гүлгө оронот
Ош шаарында ата-энелер окуучулар үчүн жол кирени көтөрүүнү сунуштоодо

Бишкектик жигит бир жылда 60 килограммга арыктады! Шыктандырган видео

54
(жаңыланган 14:07 22.10.2020)
Бишкектин тургуну Орозбек Мейманбек уулунун салмагы 18 жашында эле 134 килограммга жетип калган. Бул көрүнүш өзүн гана санаага батырып, ден соолугуна кедергисин тийгизбестен, жакындарынын дагы тынчын ала баштаганын айтат.

Бирок жаш жигит өзүн колго алып, кесипкөй машыктыруучунун жардамы менен бир жылда 60 килограмм салмактан арыла алды. Учурда салмагы 74 килограмм. Мындан дагы бир аз ылдый түшсөм деген ою бар. Анткен менен жакында аскердеги күндөрү башталат.

Ал машыктыруучусу менен биргеликте Sputnik Кыргызстан агенттигине толук кезиндеги жана андан кийинки жашоосу тууралуу айтып, башкаларга дагы кеңеш берди.

Карантин бизге кеп бекен! Үйүн залга айландырып машыккан КР спортчулары. Видео

  • 18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
    Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
    Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
    Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
    Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу

Орозбек Мейманбек уулунун айтымында, бала кезинде арык эле болчу. Бирок 5-класстан тарта салмак кошулуп отуруп 16 жашында 93 килограммга, ал эми 18 жашында 134 килограммга чейин толуп кеткен. Былтыр жайында жашоосун өзгөртүүнү чечип, фитнес-залга баш баккан.

"Туура эмес тамактангам деп ойлойм. Сендвич, шаурма сыяктуу бат даярдала турчу тамактарды жечүмүн. Өтө толуп кеткенде басып-турганда, жатканда кыйналып, күйүгүп, алым кетип, бат чарчап калдым. Машыгуулар деле оңойго турган жок. Башында сөөктөрүм ооруп жүрдү, анан витаминдерди ичтим. Жөн гана машыгып койбостон, туура тамактанууга өттүм. Алгачкы бир айда эле 13 килограмм таштап, өзүмдү жеңил сезе баштадым, ишеним дагы пайда болду", — деди Мейманбек уулу.

Ал спорт жашоосун өзгөртүп, жакшы чөйрөгө туш кылганын айтып, башкаларды дагы ден соолугуна көңүл бурууга чакырды.

18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу

"Арыктаганда биринчи кезекте апам сүйүндү. Туугандар, достор таң калышууда. Интернеттен кеңеш сурагандар көп. Азыркы жаштардын убактысы телефон, компьютер тиктөө менен өтүп жатат. Машыгууга жок дегенде күнүнө бир саат убакыт бөлсөңүздөр, ден соолукка эле пайда. Ондогон килограммды кетирүү зыян эмеспи деп сурагандар болушу ыктымал. Жакында эле армияга баруу үчүн медициналык кароодон өттүм. Кудайга шүгүр, дени-кардым соо экен", — деди жаш жигит.

Орозбек Мейманбек уулун пауэрлифтинг боюнча КРдин абсолюттук чемпиону, бодибилдинг, таяк тартыш боюнча Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону Келдибек Атайбек уулу арыктаткан.

Атабек Азисбеков: Токио Олимпиадасында мен үчүн ыңгайсыз атаандаш болбойт

Машыктыруучу окуучусу менен "мырзаларча" сүйлөшүп алып, ойлогон максатка жетишкенин айтып берди.

Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу в тренажерном зале
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу
"Ороздун абалы тууралуу эжеси Instagram аркылуу жазган эле. Жумушка келсем Ороз ары карап отурган экен. Артынан карасаң чоң киши, астынан карасаң жаш бала... Бир четинен ушунчалык толуп кеткенге чейин ичип-жедиби деп ичимен ачуулансам, экинчиден, боорум ооруду. Дароо эркектик маселени койдук. Орозду эки нерсени танда: дагы деле ушунтип кыйналып жүрө бер же менин айткандарымды аткарасың дегем. Талыкпаган эмгектин, кыйынчылык, ишенимдин артынан бир жылда 60 килограмм салмак таштай алдык", — деди машыктыруучу.

Ал окуучуларынын ичинен арыктагандар боюнча Орозбек рекорд койгонун жана андан мотивация алган көптөгөн киши залга келип жатканын кошумчалады. 

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

Машыктыруучу менен Орозбектин дагы бир нече килограмм таштайлы деген планы бар. Бирок 19 жаштагы жигитти жакында армияга алып кетишет. Ал милдетин аткаргандан кийин ИИМ академиясына тапшырып, милиционер болууну кыялданып жатат.

54
Белгилер:
ООрозбек Мейманбек уулу, Келдибек Атайбек уулу, видео, машыктыруучу, салмак, арыктоо, Кыргызстан
Тема боюнча
Netflix көк бөрү жөнүндө фильм тартты. Трейлери
Жогорку соттун имараты. Архив

УКМК: Евробиримдик берген грантты жеп койгон деп Жогорку соттун өкүлү камалды

125
(жаңыланган 13:39 22.10.2020)
Берилген гранттын негизги суммасы желип, эски программалык жабдык алынганы үчүн сыр маалыматтар сыртка чыгып кеткени айтылды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку соттун жооптуу кызматтагы адамдары автоматташтырылган "Жергиликтүү сот" маалыматтык системасын ишке киргизүүдө коррупциялык ишке барышкан. Анын кесепетинен бир катар сыр маалыматтар сыртка чыгып кеткен. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Европа биримдиги аталган система үчүн Кыргызстанга ири суммадагы грант бөлгөн. Бирок Жогорку соттун өкүлдөрү негизги сумманы алып калыш үчүн коррупциялык схема түзүшкөн.

"2016-жылы Европа биримдиги "Жергиликтүү сот" системасы үчүн грант бөлгөн. Аны ЦБИ ЖЧКсы ишке ашырмай болгон. Бирок компаниянын З.А.А. аттуу жетекчиси Жогорку соттун жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, негизги сумманы кымырып алышкан. Кийин ишке жараксыз, эскирген программалык жабдыкты алып беришкен. Бирок ал бүгүнкүгө чейин баланска алына элек жана 2020-жылдын ноябрында мөөнөтү бүтөт. Буга байланыштуу ведомстволор аралык "Түндүк" системасына туташа албайт", — дешти УКМКдан.

Бул фактыны жаап-жашыруу үчүн Жогорку соттун жетекчилиги башка IT-компания менен жалган келишим түзүүнү чечкен.

"Ал компания жаңы программалык жабдыкты түзүү милдетин алган. Анын кызматына бюджеттен сегиз миллион сом бөлүнмөк. Мындан сырткары, "Жергиликтүү сот" системасынын маалыматтары ЦБИ компаниясы үчүн жеткиликтүү болгондуктан Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "ЗАГС", "Паспорт" жана "Адрестик – сурап-билүү бюро" системасындагы маалыматтар сыртка чыгып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

30 күн убакыт берем, уурдаган акчаңарды кайтаргыла! Жапаровдун видеокайрылуусу

21-октябрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Жогорку сот менен компаниянын имаратын, кызматкерлердин үйүн тинтүүгө алып, тергөө үчүн керектүү нерселерди алып кетишкен. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары ЦБИ ишканасынын жетекчиси З.А., Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" мекемесинин жетекчиси Т.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча тергелип жатат.

125
Белгилер:
Жогорку сот, коррупция, кылмыш, УКМК
Тема боюнча
Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга барды

49
(жаңыланган 14:26 22.10.2020)
Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 22-октябрда, Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Буга чейин Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барары айтылган болчу

49
Белгилер:
Сергей Лавров, жолугушуу, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту