Айылда чоңойгон жөнөкөй жигит! Соцтармак кол чатыр көтөргөн Жээнбеков тууралуу

Жазылуу
Интернетке Сооронбай Жээнбековдун 100 күндүк президенттигине карата кол чатыр кармаган сүрөтү жүктөлгөн

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Социалдык тармактардын колдонуучулары кол чатыр көтөргөн Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн талкуулап жатышат.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Эмсбюрен шаарындагы бала бакчага болгон сапарында - Sputnik Кыргызстан
Өлкө лидерлери жаан алдында же атка минерлер үчүн кол чатыр
Аэропорттон тартылган сүрөт Facebook тармагындагы топтордун бирине жүктөлгөн. Мамлекет башчынын фотографы Султан Досалиев Жээнбеков сол колуна кол чатыр кармап алып чиновниктер менен учурашып жатканын тартып алган.

Интернет колдонуучулардын айрымдары "президент муну менен жөнөкөйлүгүн көрсөттү, айылда эле чоңойгон кыргыздын баласы" десе, кээ бирлери "мында таң кала турган эч нерсе деле жок" деп комментарий беришүүдө. Ал эми үчүнчүлөр Россиянын президенти Владимир Путин өткөн жылдын июнь айында Белгисиз солдаттын күмбөзүнө гүлчамбар кою учурунда нөшөрлөп жамгыр жааганына карабастан кол чатырсыз турганын мисал келтиришүүдө.

Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун президенттигине 100 күн толду. Аталган сүрөт бул датага карата Султан Досалиев жүктөгөн сүрөттөрдүн бири гана болуп эсептелет.

Кол чатыр көтөргөн чиновниктер калаанын мурдагы прокурору Нурлан Сулайманкулов менен байланышкан окуядан кийин элдин көңүлүн бура баштаган. Социалдык тармактарга анын жардамчысы аркасында кол чатыр көтөрүп турган сүрөт тарап кеткен. Айрымдар Сулайманкуловду "бай манап" деп жемелешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0