Соцтармак кызыктары: кол чатыр көтөргөн Жээнбеков, Бишкекте тартылган “Титаник”

© AP Photo / Paramount Pictures"Титаник" тасмасынан кадр. Архив
Титаник тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишкекте өткөн Азия чемпионатында кыргыздын бир нече балбаны байге багындырып намыска жарады. Анын ичинен Акжол Махмудов менен Муслим Евлоевдин алтын медаль утушу өлкөгө чоң сыймык алып келди. Апта соңунда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол чатырын өзү кармап жүргөн сүрөт тарап, социалдык тармактын талкуусуна түштү.

1. Кол чатыр дагы элдин көңүл чордонунда. Мамлекет башчынын сүрөтчүсү Султан Досалиев президент Сооронбай Жээнбеков сол колуна кол чатыр кармап алып аэропортто атка минерлер менен учурашып жатканын тартып алган. Интернет колдонуучулардын айрымдары "президент муну менен жөнөкөйлүгүн көрсөттү, айылда эле чоңойгон кыргыздын баласы" десе, кээ бирлери "мында таң кала турган эч нерсе деле жок" деп комментарий беришүүдө.

Буга чейин ошол кездеги Бишкектин мурдагы прокурору Нурлан Сулайманкуловго жардамчысы аркасында кол чатыр көтөрүп турган сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткен. Мындан улам аны "бай-манап" деп жемелегендер көп болгон.

2. Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионаты алты күнгө созулуп жекшемби күнү жыйынтыкталды. Мелдеште медалдын 30 комплектиси ойнотулуп, балбандар грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча күч сынашты. Азиянын чемпиону болууга бел байлап 21 өлкөнүн спортчулары келген. Ал эми Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы жалпы эсеп менен биринчи орунду ээледи. Сыймыктанабыз!

3. Көтөрүп чаап катыгын берди. Өлкөнүн байге куржунуна алгачкы алтынды грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов алып берди. Ал жамбашка салып көтөрүп чабуу ыкмасы менен атаандаштарынын катыгын берди. Муну Бириккен дүйнөлүк күрөш уюму күндүн эң мыкты ыкмасы деп баалады. Махмудов мелдештен кийинки маегинде "мен күтүлбөгөн чабуулдарды үйрөнүүгө басым жасайм. Маселен көтөрүп чапкан ыкмага көнүш үчүн күнүнө 400-500 жолудан кайталайм" деп айткан.

4. Баракелде, балбандар! Ал эми чемпионаттын акыркы күнүндө Муслим Евлоев эркин күрөштөн каршылаштарын баш көтөртпөй жеңип, Кыргызстанга дагы бир алтынды камсыздап берди. Анын монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен финалдагы кармашын Бириккен дүйнөлүк күрөш уюму YouTube каналына жарыялаган.

5. Суудан чыгып ойно деп койгулачы. Балбандар килем үстүндө күрөшүп жатканда аттарын баткак сууну кечирип улакчылар көк бөрү тартып жатышты. Улакты такымга баскан чабандес каналдагы сууга кирип кеткенине карабай артынан келгендер менен талашып жатат. Ал арада улагы, аргымагы менен кошо суу үстүнө жыгылганын көрүүгө болот. Байкуш аттар…

6. Бишкек жазга даяр эмес окшойт… Өлкөбүзгө келген жаз өзүнө кошуп, тизе чейин жеткен көлчүк, баткактарды ала келди. Айрыкча жаңы конуштарда аңгектен качсаң дөңгөккө болуп жатат. Соцтармак муну жөн коёбу… Бишкектин Фучик көчөсү менен Чүй проспектисинин суу толуп калган жолун "Титаник" тасмасына салыштырып жиберишти.

7. Туура сүйлөйлү! "Зыңк-зыңк" эмес "баары сонун, баары керемет", "давай-давай" эмес "макул, келиштик". Алып баруучу Айзада Жамгырчиева көчө жаргондорун кыргыз тилине которуп түшүндүрүп берди. Адамдын төбө чачын тик тургузуп ыңгайсыз кылбай, ушинтип эле сүйлөп жүрөлүчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0