"Манас" аэропорту санариптик видео байкоо жабдыктарын 1 млн. сомго сатып алат

Жазылуу
Тендер 5-мартта жарыяланып, 26-мартта аяктайт

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту "Тамчы" аба бекетине санариптик видео көзөмөл жабдыктарын сатып алуу максатында тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аэропорт жабдыктар үчүн 1 миллион 4 миң 400 сом сарптоого даяр.

Тендер 5-мартта жарыяланып, 26-мартта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0