Жан керекпи? Жер көчкү жүрө турган жерден 20 үй-бүлө көчпөй койду

© Фото / Зульфия ТургуноваӨзгөн районунун Аюу айылында жүргөн жер көчкү. Архив
Өзгөн районунун Аюу айылында жүргөн жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылында кооптуу аймакта жашагандар үчүн чатыр тигилет

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Ош менен Жалал-Абад облустарында жер көчкү коркунучунан улам эл убактылуу көчүрүлүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Ар жерден чыккан сөөктү көрүп үрөйүм учту... Өзгөчө кырдаалдар министринин маеги
Мындай аракеттер өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругунун негизинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге ишке ашууда.

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Абдишарип Бекиловдун айтымында, учурда Базар-Коргон, Аксы жана Сузак райондорундагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардагы 160 үй-бүлө көчүрүлдү.

"Бүгүнкү күнү Жалал-Абад облусунда жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда 1190 үй-бүлө жашайт. Алардын 797си убагында мамлекеттен ссуда жана жер тилкелерин алып, бирок көчпөй койгон. Ал эми 393 үй-бүлөгө жер тилкелерин трансформациялап берүү маселеси каралып жатат. 180 үй-бүлөнү убактылуу болсо да коопсуз аймакка көчүрүү үчүн айрым жолдорду жаап, электр жарыгы өчүрүлгөн. 160 үй-бүлө туугандарыныкына көчүрүлдү. 20 үй-бүлө ошол жакта калды", — деди Бекилов.

Ал эми Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылында кооптуу аймакта жашагандар үчүн чатыр тигилет. Ал үчүн 225 чатыр берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0