Камактагы Дамирбек Асылбек уулу дарылануу үчүн медициналык бөлүмгө которулду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Архив
ЖК депутаты Дамирбек  Асылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР депутаты өнөкөт панкреатит дарты бар экенин айткан

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу панкреатит дартынан улам медициналык бөлүмгө которулганын Кыргызстандын Акыйкатчы институту билдирди.

Ага ылайык, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин Казакстандын Башкы прокуратурасына жиберген сурамына жооп келип, анда кыргызстандыктар учурда Алматы шаарындагы кылмыш-аткаруу департаментинин ЛА-155/1 мекемесинде кармалып жатканы айтылган.

КР жарандары кармоо жайына келери менен тийиштүү медициналык кароодон өтүп, саламаттыгы такай көзөмөлдө турат.

"Казак прокуратурасынын өкүлдөрү медициналык документтерди карап, өнөкөт панкреатит дартынан улам Дамирбек Асылбек уулунун медициналык бөлүмгө которулганын маалымдашты. Ал эми Чыңгыз Абакиров менен Улан Мурадилов саламаттыгына арызданган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Заграничный паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Депутат Асылбек уулунун кош жарандыгы эмнеге текшерилген эмес? Маморгандардын жообу
Кармалган КР жарандары эч кандай кордук көрсөтүлбөгөнүн айтышкан. Прокуратуранын кызматкерлери алардын денесинде зомбулуктун белгилерин байкаган эмес. Андан сырткары, юридикалык жардам берилип, коюлган айыптоо боюнча КР жарандары адвокат жалдап, анын ишинен пайдаланышууда.

КР жарандары менен 22-февралда Кыргызстандын консулдугунун кызматкерлери да барып кабар алышкан.

Белгилей кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары коррупцияга каршы жүргүзгөн операцияда тогуз бажы постунда мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн сегиз кылмыштуу топ жок кылынган. Кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны болгон, алардын бири ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу болгонун ТИМ тастыктаган.

Ал эми Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени айтылган нота Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип түшүп, кийин депутаттын "трансулуттук кылмыштуу топтун башчысы" экени белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0