Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых
Жизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала төрөлгөндөн кийин ата-энесинен, элинен биринчи алган белеги ысымы болуп саналат экен. Ысым ыйгаруу менен ата-эне баласынын бактысын, өмүрүн кошо тилеп коет. Ошол себептен ата-энеси койгон атты терең урматтоо менен алып жүрүү — бала үчүн чоң жоопкерчилик

Балага кандай ат коем десе ата-эненин өз эрки, бирок ысым ыйгарууда алар элдик этика жана эстетика, тарыхтын талаптарын унупашы керек. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет ымыркайга ысым ыйгаруудагы болбой турган нерселерди окутуучу, доцент Шералы Жапаровдун эмгегине таянып жазып чыкты.

Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Эшекке теңебейт! Бала тарбиялоодогу 7 "болбойт"
Ымыркайга маанисиз ат койбойт. Үй-бүлөдө баланын төрөлүшү кандай олуттуу окуя болсо, ага энчилүү ат берүү да ошончолук маанилүү болуп саналат, анткени балага коюлган ысым аны менен кошо өмүр бою жашайт.

Бир берилген ысымды улам-улам алмаштырбайт. Кыргыздар балага энчилүү атты бүгүнкү күндө жаңы туулганда эле бир жолу жана биротоло ыйгарышат. Ысымды которбойт. Айрым гана учурда эгерде бала чоң калы менен төрөлсө Калый, Калыгул же Калбүбү деген ысымдарга алмаштырып, денесинде анар болсо ал чоңоюп кетпесин деп өз аттарын Анаргүл, Анарбек деген ысымдарга алмаштырган.

Атты ар кимге койдурбайт. Элибиз наристеге энчилүү ат берүүгө катуу маани берип, аны да ар кимге койдура берген эмес. Ымыркайга ысымды үй-бүлөнүн башчысы (же улуу адамы), айылдын урматтуу кишиси (айрыкча элдик каада-салтты билген), айылдагы молдо, баланын ата-энесинин үйүнө (кээде айылга) келген конок, жаңыдан жарык дүйнөгө келген перзенттин киндик энеси (же өз ата-энеси) же энени төрөткөн дарыгерге койдурушкан.

Ара төрөлгөн балага ысым дароо ыйгарылбайт. Жаңыдан жарык дүйнөгө келген баланын саламаттыгы начар, жашап кетери белгисиз болсо, анда ага ысым ыйгарылбайт (ал жакшы болуп кетери айкын болгондо гана ага энчилүү ат берилет). Муну менен ата-эне ымыркайды кыйнабаганга аракет кылган.

Эгиз балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бешиктерин катар койбойт. Эгиздерге карата 6 "болбойт"
Оор аттарды ойду-келди койбойт. Улуу, атактуу, тарыхый инсандардын, баатыр кишилердин аттарын наристеге ыйгараарда сак болуш керек. Себеби булар "оор" аттардын катарына кирет. Бала алардын атына татыктуу болбой, кыйналып калышы ыктымал деген ишеним бар. Бул жерде илгери ата-бабаларыбыздын жаман аттарды бекеринен койбогондугун эске тутуңуз.

Жүрүм-туруму начар кишилердин атын ыйгарбайт. Оорукчан, илдетке көп чалдыккан, жүрүм-туруму начар кишилердин энчилүү аттарын да балага коюудан абайлоо керек. Андай жагдай ымыркайга көлөкө түшүрөт деген түшүнүкү жашайт.

Аз жашаган адамдын атын бербейт. Бир, эки (кээде үч) мүчөл жашабай, турмуштан өткөн тууган-уруктун, тааныштардын ысымын койбоого аракет кылган оң.

Бала тарбиялоодогу эрежелерди да окуп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0