Дүйнөлүк банк Кыргызстанды таза суу менен камсыздоого 43 млн. доллар бөлөт

© AFP / FRED TANNEAUСуу агып жаткан кран. Архив
Суу агып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылына бөлүнөт

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк банк үч облустун 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга 43 миллион 200 миӊ доллар каражат бөлөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды таза суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"Жалпы каражаттын 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, өкмөт долбоорду дагы кошумча 7 миллион 200 миӊ доллар өлчөмүндө каржылоого тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0