Итти жакшы үйрөтөм дегендерге окумуштуулар кайрылды

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүИт. Архив
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ит канткенде кишинин буйругун кынтыксыз аткараарын аныкташты

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Итке дагы жаш балага сүйлөгөндөй сылык, сыпаа мамиле кылуу керектигин Йорк университетинин окумуштуулары аныкташканын The Telegraph басылмасы жазды.

Собака оттащила попавшего под машину друга - Sputnik Кыргызстан
Ит өлүп калган досун "тирилте" албай... Көзгө жаш алдырган видео
Изилдөөчүлөр итке түрдүү ыкмада кайрылып бир нече эксперимент жүргүзүшкөн. Анда бейтааныш кишилер үнүн өкмөт чыгарып, итке жагымсыз кайрылышкан, экинчисинде итти жакшы көрүп эркелетишкен.

Эксперименттин жыйынтыгында иттер сылык, сыпаа кайрылган кишини кунт коюп угуп, анын берген буйруктарын эринбей аткарган. Андыктан окумуштуулар эгер итти жакшы үйрөтөм десеңиз кыйкырып эмес, жакшы мамиле кылуу керектигин белгилешет.

Айрым иттер ээсине ушунчалык берилгендиктен өмүр бою анын жанында болууга аракет кылышат. Аргентинада болгон окуя буга далил.

Жаңылыктар түрмөгү
0