Ошбай, Париж-Турат. Ысымы шаар атынан коюлган кыргызстандыктар

© Sputnik / Табылды КадырбековКызын көтөрүп жаткан адам. Архив
Кызын көтөрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эле эмес башка чет жактагы шаарлардын атын алгандар бар

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстанда өлкөдөгү жана чет мамлекеттеги шаар аттарын алган бир нече киши жашайт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аларды шайлоочулардын тизмеси катталган маалымат базадан карап тактады.

Жизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых - Sputnik Кыргызстан
Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"
Ага ылайык, Кыргызстанда үч эркек кишинин аты Бишкек деп коюлган. Бирок алардын баары борбор калаада жашабайт. Мындан сырткары 12 адамга Фрунзе ысымы ыйгарылган. Ал эми Ошбой, Ошкул деп Ош шаарынын атын алган адамдардын саны 15ге жетет. Алардын бирөө гана Ош шаарында жашайт.

Мындан сырткары, Мадрид деген үч киши, Берлин атууу эки, Ташкент аттуу төрт жана Пекин деген бир адам жашайт. Ошондой эле Париж-Турат деген өзгөчө ысымдуу бир адам жашайт.

Белгилей кетсек, шайлоочулардын маалымат базасында 18 жаштан жогорку жана биометрикалык маалымат тапшырган жарандар гана катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0