Эркектер алдан тая баштады! Тогуз-Тородо алтын ылгоочу заводго каршы митинг өттү

© Фото / Темирбек РаманкуловМитинг в селе Арал Тогуз-Торойского района
Митинг в селе Арал Тогуз-Торойского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүүлөр ал жерден чыккан уулуу заттардын кесепетинен балдар тубаса майып болуп төрөлүп, эркектер алсыз боло баштаганын айтууда

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бүгүн, 10-мартта, Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган райондун Арал айылынын тургуну Нурлан Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүүлөр кытайылк компания кура турган алтын ылгоочу жаңы заводдун курулушун токтотууну талап кылган. Чогулгандардын саны 500гө чукулдайт.

© Фото / Темирбек РаманкуловБүгүн, 10-мартта, Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышты.
Бүгүн, 10-мартта, Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бүгүн, 10-мартта, Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышты.
© Фото / Темирбек РаманкуловЖергиликтүүлөр кытайылк компания кура турган алтын ылгоочу жаңы заводдун курулушун токтотууну талап кылган.
Жергиликтүүлөр кытайылк компания кура турган алтын ылгоочу жаңы заводдун курулушун токтотууну талап кылган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жергиликтүүлөр кытайылк компания кура турган алтын ылгоочу жаңы заводдун курулушун токтотууну талап кылган.
© Фото / Темирбек РаманкуловЧогулгандардын саны 500гө чукулдайт.
Чогулгандардын саны 500гө чукулдайт. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Чогулгандардын саны 500гө чукулдайт.
1/3
Бүгүн, 10-мартта, Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышты.
2/3
Жергиликтүүлөр кытайылк компания кура турган алтын ылгоочу жаңы заводдун курулушун токтотууну талап кылган.
3/3
Чогулгандардын саны 500гө чукулдайт.

"Бул завод курулуп калса "Макмал" алтын кенинен чыккан уулуу калдыктар эле эмес, башка аймактардан да ташып келип иштетишет экен. Калктуу конуштун аралыгы үч-төрт чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө алтын кенден чыккан калдыктар ташталган жайдан уулуу заттар чыгып балдар оорулуу, майып болуп төрөлүп жатат. Эркектер алсыз боло баштады. Завод иштеп калса элдин баары кырылып калбайбы?! Район акими жана башка бийлик өкүлдөрү келип текшерип чыга турганын айтышты", — деди Молдалиев.

Митинг у здания правительства Кыргызстана жителей ряда новостроек - Sputnik Кыргызстан
Кадамжай: алтын кенин кытайлык компаниянын иштетүүсүнө эл каршы чыкты
Митингге чыккандар саат 14.00дө кайра тарап кетишкен.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов менен байланышканда "азыр эч нерсеге жооп бере албайм" деп телефонду коюп койду.

Казарман айылынын эли 1-февралда да ушундай талап менен митингге чыгышкан.

Эске салсак, учурда Тогуз-Торо районунда "Макмал" алтын кени иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0