Бир тонна бешбармак! Эт тууроо таймашында Ат-Башынын жигиттери алдыга чыкты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭт туурап жаткан адам. Архив
Эт туурап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таймашка беш кишиден турган алты топ катышкан

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бир тонна бешбармакка эт тууроо боюнча сынак өтүп, анда Ат-Башы районунун Казыбек айылынын жигиттери биринчи орунду алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сынактын уюштуруучусу Тынчтык Алтымышев билдирди.

Эске салсак, демилгечилер бир тоннадан ашык бешбармак менен 117 метрлик чучукту Гиннес китебине киргизүү аракетин көрүшүүдө. Кечээ 8 жылкы союлган, бирок ашыгы менен болсун деп дагы бир жылкы союлуп эти бышырылган. Анын алкагында эт тууроо таймашы да уюштурулган.

Алтымышевдин айтымында, таймашка беш кишиден турган алты топ катышкан.

Бир тоннадан ашык бешбармак бир казанга батканда - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: бир тоннадан ашык бешбармак бир казанга батканда
"Кыргыз эли илгертеден жигитти эт тууратып сынаган. Бир тонна бешбармакка этти жөн гана туурап койбостон жигиттердин күчүн сынап көрөлү деген максатта таймаш уюштурганбыз. Ага катышууга 50гө чукул адам жазылганы менен арасында бычак, макилерин алып келбегендер болгондуктан 30дайы эле ат салышты. Алар алты топко бөлүнүп баарына бирдей көлөмдө эт бөлүнүп берилди. Жыйынтыгында этти күл майда, бирдей кылып жана ылдам туурагандыгы үчүн 1-орунду Ат-Башы районунун Казыбек айылынын жигиттери алды. 2-орунду журналисттерден түзүлгөн топ, ал эми үчүнчүнү чүйлүктөр алып кетти", — деди Алтымышев.

Ал ошондой эле жеңүүчүлөрдү аксакалдардан түзүлгөн калыстар тобу аныктаганын айтып, байге катары 1-орунга ирик, 2-ге кой жана 3-орунга козу берилгенин кошумчалады.

Бир тоннадан ашык бешбармак менен 117 метрлик чучук кантип даярдалганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүздөр. Белгилей кетчү жагдай алгач бир тонна бешбармак менен 110 метрлик чучук даярдоо пландалган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0