Бешбармак менен чучукту Гиннеске каттоо боюнча жооп качан келет

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте даярдалган бир тонна бешбармак
Бишкекте даярдалган бир тонна бешбармак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гиннестин рекорддор китебине каттоо үчүн жиберилген табыштама кабыл алынып 8-мартта жооп келген

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бир тонна жасалган бешбармак менен 110 метр чучукту Гиннестин рекорддор китебине каттатуу үчүн бардык талаптар аткарылды. Бул туурасында Гиннестин рекорддор китебине каттоо иштерин жүргүзүп жаткан Солтобек Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, Гиннестин рекорддор китебине каттоо үчүн жиберилген табыштама кабыл алынып 8-мартта жооп келген. Андан кийинки эреже тамактарды даярдоо иштерин сүрөт, видеого тартып документке түшүрүү болуп саналат.

"Учурда даярдоо учуру сүрөт, видеого тартылып жатат. Күбө катары Щвеция жана Италиядан ашпозчуларды чакырганбыз. Алар баштан-аяк иш-чарага көз салып, тийиштүү документтерди толтуруп жатышат. Эрежеге ылайык документтерди бир жумада даярдап жөнөтөбүз. Андан соң беш күндүн ичинде расмий жооп келет. Бүт санитардык нормалар сакталып, коюлган талаптардын баары аткарылууда. Бешбармак Гиннестин рекорддор китебине катталат деген ишеним жогору", — деди Болотбеков.

Ал ошондой эле Гиннестин рекорддор китебине каттоого 1650 доллар төлөп табыштама жиберилгенин кошумчалады.

Тер төккөн ашпозчулар, сыймыктанган эл. Бешбармак жасалган жерден керемет ирмемдер - Sputnik Кыргызстан
Тер төккөн ашпозчулар, сыймыктанган эл. Бешбармак жасалган жерден керемет ирмемдер
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-мартта бир тонна бешбармак, 110 метр чучук жасап Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети ийгиликтүү аяктады. Натыйжада пландалгандан ашып түшүп бешбармактын салмагы 1464 килограмм чыкса, чучук 117 кулачты түздү.

Бешбармакты жасоого 40 ашпозчу, 30 жардамчысы менен кошулуп жалпы жонунан 70 ашпозчу тартылган. Аны даярдоого 650 килограмм таза тууралган эт, 700 килограмм камыр кетти. Камыр менен эт алдын ала чакан казандарда бышырылган. Ал эми чучукту эт азыктарын кайра иштеткен компаниялардын бири жасап келген. Улуттук тамактарды даярдоого тогуз жылкы союлган. Буга чейин сегиз жылкы союлары айтылып, бирок ашыгы менен болсун деп кошумча дагы бир жылкы алынган.

Эске салсак, буга чейин Казакстанда 765 килограмм бешбармак, 100 метр чучук жасалып Гиннестин рекорддор китебине киргизилген. Ал эми Өзбекстанда 6 тонна палоо жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0