Бишкек — Ош жолу үч күн бою 12 саатка жабылып турат

© Фото / Александр ФедоровБишкек — Ош жолундагы автоунаалар. Архив
Бишкек — Ош жолундагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадам кар көчкү кооптуулугунан улам жасалууда

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. 11-марттан 13-мартка чейин Бишкек — Ош жолунда унаа каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүү кооптуулугунан улам премьер-министр 11-13-март күндөрү саат 12.00дөн 00.00гө чейин чектөө киргизүү буйругуна кол койгон. Мында Чүйдөгү "Сосновка", Жалал-Абаддагы "Арал" посттору жана Таластын "Өтмөк" ашуусунун жолу жабылмакчы.

Эскерте кетсек, кар көчкүгө байланыштуу ӨКМ буга чейин шашылыш билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0