Соцтармак кызыктары: Көө шыбашкан жубайлар, калпакчан жигитке жибиген бийкеч

© AFP / JOSEP LAGOУличный фестиваль в Барселоне
Уличный фестиваль в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Артта калган апта майрамдарга бай болду. Дүйшөмбүдө "Ак калпак" күнү, андан үч күн өтүп Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди. Апта ичиндеги майрамдар 1464 тонна бешбармак жана 117 метр чучук жасоо менен жыйынтыкталды.

1. Калпак кийип кыздардын көңүлүн бур! Адегенде Ак калпак майрамынан баштайлы. Бул күнү эркек кишилер жабыла башына калпак кийип чыгышты. Калпак жөн эле баш кийим эмес, сыйкырдуу экенин Солто Эсенгулов төмөнкү видео менен көрсөткөн. Андыктан кыздар карабай жатса, ак калпак кийип барып аракет кылып көрүңүз.

2. Көө шыбашкан жубайлар. Түгөйлөрдүн мындай оюну көпчүлүккө күлкү тартуулады. Аппак жоолук салынган келин күйөөсү менен үйдө отурат. Жанына казанды көмкөрүп коюп алышкан. Оюндан жеңилсе эле кара казандын көөсүн бетине шыбайт. Эркек го мейли, тиги келиндин боек сүйкөлгөн бети эмне болду экен?..

3. Тоодой бешбармак, кулач-кулач чучук. Жекшемби күнү кыргыздын улуттук тамактарын Гиннестин рекорддор китебине каттоо аракети жасалды. Натыйжада жасалган бешбармактын салмагы 1464 килограмм чыкса, чучук 117 кулачты түздү. Эми Гиннеске каттоо боюнча жооп 15 күндүн ичинде келет. 

4. Жогорудагы иш-чарага барган ага-карындаштардын бешбармак жеп отурган сүрөтү социалдык тармакта кызуу талкууга алынды. Андан агасы карындашын жолдун четине отургузуп курсагын тойгузуп жатканын көрүүгө болот. Жүрөк элжирейт!

5. 8-мартта көчөгө чыксаң кыздар сол колуна гүл, жумшак мамалак, шоколад кармап, оң колу менен жигитин же күйөөсүн колтуктап басып жүрүштү. Майрамга карата "Тазалыктын" кызматкерлери шаардык аялдарга гүл сунуп, артында бирөө аккордеон менен жандуу ырдап куттукташты.

6. Волочкованын кыргыз айдоочусу. Россиялык балет бийчиси Анастасия Волочкова айдоочусунун сүрөтүн жарыялады. Шофер башына кыргыздын улуттук баш кийими калпак кийип турат. "Бул менин жаңы айдоочум. Сиздердин жашооңуздар да меникиндей күтүүсүн окуяларга бай болушун каалайм!" деп жазган ал. Сүрөткө Mercedes S-Class унаасынын жанына туруп түшүшкөн.

7. Чыныга жан киргизген апа. Алты чыныны астына коюп алып сол колу менен шылдырак кармаса, оң колундагы таякча менен чынылардын чекесин уруп музыка жаратууда. Апа Мураталы Күрөңкеевдин "Кер өзөн" күүсүн аткарган.

8. Таяк тарткан балбан. Кыргызстандык Азат Таштанбеков таяк тартыш боюнча эл аралык Arnold Classic 2018 мелдешин жеңип алды. Ал 100 килограмм салмак ченинде төрт спортчу менен ат салышып алдыга чыккан. Мекендештер интернетке Таштанбековдун мелдештеги видеосун жүктөгөн. Андан өзүнөн эки эсе чоң келген кишини жеңип алганын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0