Токмокто төрөттөн кийин грелкадан денеси күйгөн келин. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Окуя 5-февралда Токмоктогу аймактык ооруканада болгон

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Facebook баракчасындагы "Черный список" тайпасына Токмоктогу төрөтканада жаңы төрөгөн аялды реанимацияга эмес, катардагы палатага чыгарып ал жактан грелкадан күйүп калганы жазылган.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Динара Аляева: Кыргызстандын дарыгерлери көпчүлүк учурда дартты аныктай албайт
Маалыматка ылайык, аял операция жолу менен төрөгөн. Аны реанимацияга алып кирүүнүн ордуна дарыгерлер катардагы палатага которуп, карабай коюшкан. Бир нече убакыттан кийин аял чыйрыгып жатканын айтып, дарыгерлер желим бөтөлкөгө ысык суу куюп келип анын белине койгон. Аял ооруну сездирбөөчү дарыдан улам эч нерсе байкаган эмес, териси күйүп калганын кийин билген.

Учурда аял Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Борбордун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, аял бир жумадан бери дарыланууда. Жакында чыгат.

"Аялдын денеси күйгөн, бирок жараты олуттуу эмес. Өмүргө коркунуч туудурбайт", — деди Жумабеков.

Токмок аймактык ооруканасынын директору Бактыгүл Исаева жагдай боюнча буларга токтолду.

"Окуя 5-февралда болгон. Аялга кайрадан операция жасалган. Анын жүлүнүнө анестезия жасаганбыз. Ал дененин белден ылдыйкы бөлүгүн бир нече убакытка чейин эч нерсе сезбеген абалга алып келет. Операциядан кийин чыйрыкканын айтканда медайым бөтөлкөгө ысык суу куюп келип жалаякка ороп аялдын алдына койгон. Бул учурда кызматкерлер дагы үч төрөттү кабыл алгандыктан аны караганга киши болгон эмес", — деди Исаева.

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Төрөттөн көз жумган көп балалуу аялдын туугандары дарыгерлерди күнөөлөп жатат
Анын айтымында, бөтөлкөдөгү суу жаңы төрөгөн аялдын алдында эки сааттай турган. Ооруканынын директору мындайга жол берген медайым катуу сөгүш алганын кошумчалады. Андан сырткары, алар аялдын дарылануусу үчүн күйөөсүнө акча берип, күн сайын травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна барып кат-кабар алып жатышканын айтты. Жыйынтыгында дарыгерлер дарылануу үчүн келинге 30 миң сом төлөп беришкен.

Өлкөдөгү төрөт үйлөрүндө эне-балага кызмат көрсөтүү кандай экенине министр жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0