Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн газ болбойт

© AFP / BARBARA SAX Газ плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газ оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринен улам берилбейт

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкектин Токтогул, Шопоков, Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ берүү үзгүлтүккө учурай турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 13-14-март күндөрү болбойт.

Ишкана мындай кадам оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринен улам жасалып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0