Ош: эл эми жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облусунда эл мындан ары жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтө алат
Ош облусунда эл мындан ары жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтө алат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калк үчүн атайын жол чырактар Ош — Бишкек, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолдоруна орнотулду

ОШ, 14-мар. — Sputnik. Ош облусунда эл мындан ары жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтө алат. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облусунда эл мындан ары жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтө алат
Ош облусунда эл мындан ары жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтө алат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош облусунда эл мындан ары жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтө алат
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАталган жол чырактар Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Ноокат райондорундагы эл көп чогулган жайларга орнотулду. 11 жол чырактын атайын баскычы бар.
Аталган жол чырактар Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Ноокат райондорундагы эл көп чогулган жайларга орнотулду. 11 жол чырактын атайын баскычы бар. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аталган жол чырактар Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Ноокат райондорундагы эл көп чогулган жайларга орнотулду. 11 жол чырактын атайын баскычы бар.
1/2
Ош облусунда эл мындан ары жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтө алат
2/2
Аталган жол чырактар Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Ноокат райондорундагы эл көп чогулган жайларга орнотулду. 11 жол чырактын атайын баскычы бар.

Анын айтымында, аталган жол чырактар Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Ноокат райондорундагы эл көп чогулган жайларга орнотулду. 11 жол чырактын атайын баскычы бар. Тургундар жолдун бир тарабынан экинчи тарабына өтүү үчүн баскычты өздөрү басып кызыл түстү жандыра алышат.

"Бул демилге жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланып, ишке ашырылды. Анткени аталган аймактарда жол кырсыктары көп болот. Атап айтсак, жыл башынан бери Ош облусунун аймагында жалпы жонунан 99 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 15 адам каза болду. 153 адам ар кандай жаракат алып ооруканага түштү. Ал эми өспүрүмдөрдүн катышуусунда 18 жол кырсыгы болуп, бир өспүрүм каза болгон. 20сы ар кандай жаракат алган", — деди Теңизбаев.

Ал ошондой эле учурда Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери кырсыктын алдын алуу максатында "Үгүт жүрүш — 2018" аталышындагы рейд өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0