Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз Эл артисти Сабира Күмүшалиева менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү 1971-жылы Фрунзеде "Уркуя" фильми көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин тартылган.
Ошол учурду Төлөмүш Океев менен чогуу тасма жаратып калган драматург Мар Байжиев мындайча эскерет:
"Океев тарткан "Уркуяда" Таттыбүбү Турсунбаева башкы ролду ойногон. Сабира Күмүшалиева болсо эненин образын жараткан. Фильм калың элге сунушталган соң ага катышкандар бир топ таанымал болуп кеткен. Сүрөттөгүлөрдүн анда чыгармачылыгы оргуштап турган кези эле. Менимче, алар көрүүчүлөрдүн куттуктоолорун кабыл алып, гүл көтөрүп турган кези экен. Негизи эле ал маалда кыргыз киносу болуп көрбөгөндөй өнүгүп, көпчүлүктү таң калтыра алган", — деп эскерет жазуучу.
Аталган фильмде Болот Бейшенелиев, Сүймөнкул Чокморов, Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов, Чоро Думанаев жана Алиман Жангорозова өңдүү чыгаан инсандар дагы роль жараткан.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.
“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204 (алдамчылык) беренеси менен иш козголду.
УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө бөлгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анда Жапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек бергени айтылат.
Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулук алдына чыккан.
Канайым тууралуу кенен маалыматты Sputnik топтогон фактылардан окусаңыз болот.