Нооруз 2018: улуттук оюндар боюнча мелдештер башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСоревнования по кок-бору в честь праздника Нооруз в Бишкеке
Соревнования по кок-бору в честь праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештердин байге фондуна 1 миллион 250 миң сом каралган

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Нооруз майрамы жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 15-21-март күндөрү көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбурун боюнча мелдештер өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Таймаштар Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлөт.

"Бишкекте көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш боюнча республикалык мелдеш өтөт. Ага жети облустан жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары катышат. Ушул эле оюндар Жалал-Абадда дагы регионалдык деңгээлде уюштурулат. Ага Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын командалары катышмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Нооруз майрамына арналган улуттук оюндар Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Дирекциянын бюджетинен 2 миллион 890 миң сом каралган, анын ичинен 1 миллион 250 миң сом байге фондусу.

Жаңылыктар түрмөгү
0