Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда автобустук төрт каттам ачылат

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолдогу автобус. Архив
Жолдогу автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада кыргыз-өзбек чек арасынан 10 миңден ашуун киши өтөт

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Өзбекстан менен Кыргызстан эл аралык автобустук төрт каттам ачуу маселесин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Коңшу өлкөнүн автомобилдик транспорт агенттигинин жетекчи орун басары Шаалим Шавахабов эки мамлекеттин тийиштүү органдары тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр аяктап бара жатканын билдирген.

"Жакын арада Ташкент — Бишкек, Фергана — Ош, Анжиян — Ош каттамы боюнча автобустар жүрө баштайт. Жай мезгилинде Ташкент — Ысык-Көл" багыты боюнча да автобус жүргүзүү пландаштырылып жатат", — деди ал.

Контрольно-пропускной пункт кыргызско-узбекской границы в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" пунктунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт
Эксперттер автобустук каттам учурдун талабы экенин белгилешүүдө. Анткени Ош Кыргызстандагы калкынын саны жагынан экинчи орунда турган аймак, мындан тышкары, этникалык өзбектердин да саны көп. Алар эки өлкөнүн борбор калааларын байланыштырган каттам да зарыл экени белгилешкен.

Эскерте кетсек, кыргыз-өзбек мамилелери 10 жылдан кийин жанданган. 2017-жылы өлкө жетекчилеринин деңгээлинде иш сапарлар болуп, экономикалык кызматташууга чыйыр салынган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасынан бир күндө 12 миңге чукул киши өтөт.

Баса, ушу тапта Ташкент — Балыкчы — Ташкент каттамы боюнча бир жумада бир жолу поезд жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0