Шайык Тахир Чуруков: Караколдо мусулмандар көрүстөнүндө жер калбай баратат

© © SputnikКаракол шаарындагы мусулмандар көрүстөнү
Каракол шаарындагы мусулмандар көрүстөнү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каракол шаарында акыркы 5-10 жылдан бери мусулмандар коюлган көрүстөндө сөөк жашырууга жер калбай калды деген маселе көтөрүлүп, бирок чечилбей келүүдө.

Аймактык кабарчыбыз бул маселе жана жалпы сөөк коюу зыйнаты тууралуу билүү үчүн Караколдун түндүк жак четинде шаардыктардын акыркы жайы болгон мүрзөлөр арасында 20 жылдан бери жашаган Тахиржан Чуруковго жолугуп кайтты.

© © SputnikМүрзөдө 20 жылга чукул мезгилден бери жашап келе жаткан Тахиржан Чуруков азыр сөөк жашыруучу жер чындап эле азайып кеткендигин айтты
Смотритель мусульманского кладбища в Караколе Тахир Чуруков - Sputnik Кыргызстан
Мүрзөдө 20 жылга чукул мезгилден бери жашап келе жаткан Тахиржан Чуруков азыр сөөк жашыруучу жер чындап эле азайып кеткендигин айтты

Ал көрүстөндө жер өтө үнөмдүү пайдаланыларын айтып, Кудай кишини жараткандан кийин акыры жатчу жерди да таап берерине токтолду.

"Ырыскы топуракта деп айтылат эмеспи. Бирок азыр чындап эле сөөк жашыруучу жер азайып кетти. Учурда биз өлгөндөрдү эски мүрзөлөрдүн ордуна коюп атабыз. Бул жерлер 100-150 жыл мурда сөөк коюлган жерлер. Мында репрессия убагында адамдар массалык көмүлгөн жер да бар. Андан мурдагы да мүрзөлөр бар. Албетте, шариятта мүрзө болгон жерди узак жылдар өткөн соң иштетүү керек деп айтылат. Бирок эски мүрзөнүн орду бош болуп, түшүп кете берет экен", — деди шайык.

Чуруковдун айтымында, анын бул жерде жашаганына 20 жыл болду. Бул убакыт ичинде акыркы көп кишини жайына алып кирген.

Көр көйгөйү боюнча Каракол шаарынын мэри эмгек өргүүдө болгондуктан, биринчи вице-мэр Адыл Каниметов менен жолуктук. Ал көрүстөн үчүн жаңы жер мерчемделгенин, анын кагаздары даяр экенин, акыркы чечим шаардык кеңештин депутаттарына экенин айтты.

© © Sputnik"Өлгөндөрдү эски мүрзөлөрдүн ордуна коюп жатабыз. Бул 100-150 жыл мурда сөөк коюлган жайлар", — деди жергиликтүү жашоочу Чуруков
Каракольское городское кладбище - Sputnik Кыргызстан
"Өлгөндөрдү эски мүрзөлөрдүн ордуна коюп жатабыз. Бул 100-150 жыл мурда сөөк коюлган жайлар", — деди жергиликтүү жашоочу Чуруков

"Шаардын чыгыш жак четинде кирпич завод бар. Завод карьер үчүн колдонуп келген 20 гектар жердин теңи сүйлөшүлүп, документтери чечилип, жарым жыл мурда эле шаардык кеңешке өткөрүлгөн. Бирок депутаттар бул маселени сессияга алып чыга элек", — деди ал.

Кладбище деревни Шалта - Sputnik Кыргызстан
Мазар таюу деген эмне? Түрлөрү жана жол-жобосу
Эске сала кетсек, бул жер мурдагы Мамлекеттик геология агенттиги тарабынан кирпич заводдун менчигине берилген. Аны шаарга мыйзамдуу өткөрүү үчүн 300 миң сом керектелип, бул маселе экс-спикер Чыныбай Турсунбеков аркылуу чечилген.

Ал эми Каракол шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов көрүстөн маселеси боюнча аларга коомчулуктан, мечиттен кайрылуу келгенин айтып берди. Ал Караколго жакын айылдар менен ылайыктуу жерди шаарга тиешелүү сугат жерге алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүп келишкенин билдирди.

"Кирпич заводдун жерин көрүстөн катары пайдаланууга Жолколот айылынын тургундары каршы чыгууда. Айылдын кире бериши экен, экинчиден, ал жер дөңсөө болгондуктан, кийин ал жерден кардын, жамгырдын сарыккан суусу этектеги каналга келип түшөрүн, аны тургундар жашоо-тиричиликке колдонорун айтып жатышат", — деди Айсаракунов.

© © SputnikКаракол калаасынын жашоочуларын акыркы жерге берген жай — шаардык көрүстөн
Каракольское городское кладбище - Sputnik Кыргызстан
Каракол калаасынын жашоочуларын акыркы жерге берген жай — шаардык көрүстөн

Төрага жакында бул маселе чечилерине убада берди. Ал шаардын жанындагы Октябрь, Жаңы-Арык айылдары менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп, дин кызматкерлери катышкан комиссия менен бирге алар сунуштаган жерди көрүп келе турганын билдирди. Спикердин айтымында, Октябрь айылынын депутаттары, Жолколоттун тургундары айылдын мүрзөсүнүн жанынан жер сунуштаган. Бирок дин өкүлдөрү бул жер шаарга алысыраак болуп калат деп жактырышкан эмес.

Көрүстөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлгөнгө шарт, көмгөнгө жер жок! Көбөйүп бараткан көрүстөндөр көйгөйү
Каракол шаарынын тургуну Банура Абдиева кирпич заводдун жери Каракол шаарынын панорамасын көрчү жер экенин айтты. Ар бир шаарда калаанын үстүнөн караган бийик жер боло турганын, караколдуктар шаарды үстүнөн карап жүргөн жер көрүстөнгө айланышын каалабастыгын билдирди.

"Ар бир шаарда ушундай бийик жер бар. Караколдуктар мейман келгенде ушул жерге алып барып, шаарды үстүнөн көрсөтөт. Бул жер көрүстөн болгуча жаштар эс алган маданий жай болгону жакшы. Көрүстөнгө башка жер табышса болмок", — деди ал.

Айтор, бул маселе чечиле элек. Андыктан азырынча эски мүрзөнүн ордун колдонуу уланууда.

…Мусулмандар көрүстөнү корулган тосмого кирип келгенде эле сол жак тарапта эки чарчы метр жер айланта тосулуп турганын көрүүгө болот. Муну Каракол шаарында жашаган аксакал тургун аманат кылып койгон экен. Сөөгүн ызаттап койчу киши болбой калаарын түшүнүп, бул жерди коруп, темир тосмосун өзү ушинтип сырдап, жай казылчу жерин даярдаган деп шайык айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0