Исхак Разаковдун архивдик сүрөтү

Санкт-Петербург шаарында саясий ишмер Исхак Раззаков эскерилет

114
(жаңыланган 08:45 18.03.2018)
Конференция КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан колдоого алынып өткөрүлөт

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россияда көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков тууралуу илимий конференция өтө тургандыгын Раззаков атындагы коомдук фонддун аткаруучу директору Авазбек Гапыров билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 22-23-март күндөрү Санкт-Петербург шаарында уюштурулат. Ага Кыргызстандан Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана окумуштуулар катышат.

Конференция КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан колдоого алынып өткөрүлөт.

114
Белгилер:
саясий ишмер, конференция, Исхак Раззаков, Кыргызстан
Тема боюнча
Эл каймактарынын балдары азыр эмне менен алек? Раззаков, Ахунбаев, Исанов
Биз үчүн терек күүсүн эшиткен... Салижан Жигитовдун көзү өткөнүнө 12 жыл болду
Саясий ишмер Исхак Раззаков эскерилет
Карды тартып аткан адамдар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

24
24-январга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.

Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.

24
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди
Айнектин алдында турган кыз. Архивдик сүрөт

Карьера үчүн турмушка чыкпай турсамбы... 25 жаштагы кыздын каты

201
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына карьера менен турмуш куруунун ортосунда, кайсы жолду тандарын билбей турган кыз кат жазды.

Саламатсыздарбы, мен да психологдордон кеңеш алгым келет. Үйдө эки бир тууганбыз, менден улуу агам үй-бүлөлүү. Токмокто ата-энем менен турат. 2011-жылы Чүй облусундагы орто мектептердин бирин кызыл аттестат менен аяктадым. Окуп жүргөндө эле укук коргоо тармагында иштөөгө кызыкчумун. Ойлогондой эле кийин юридикалык жогорку билимге ээ болдум. Студент кезимде эле жеке юридикалык компанияда иштеп, дипломду колго алгандан кийин өзүм окуган юридикалык академияда сабак бере баштадым.

Азыр жашым 25тен өтүп калды. Тапкан айлыгым өзүмө жетиштүү, чакан унаам да бар. Кыскасы, анча-мынча жигиттерге караганда тың жашайм. Учурда жактоочу катары өзүмдүн кеңсемди ачсамбы деп жүрөм. Финансылык маселелер гана кармап жатат. Албетте, ата-энем да жардам берүүдө.

Өзүм келишимдүү кызмын, бирок мүнөзүм кырс. Жалгыз кыз болуп эрке өскөнгөбү, беттегенимди бербейм. Ушул тапта курбуларымдын көбү турмушка чыккан, алардын үй-бүлөлүк жашоосу менен таанышмын. Айрым кыздардын мурункудай болбой, жүдөй түшкөнүн көргөндө иренжийм. Ошол себептенби, ата-энемдин кыстаганына карабастан азырынча турмушка чыкпай эле коюуну чечтим. Карьерамды өстүрүп, жолго коюп алгым келет. Бирок апам: "турмушка чыккандан кийин деле иштеп жетишесиң. Аял киши болгондон кийин убагында төрөп ал", — дейт. Жактырып, мага сөз айтып жүргөн жигиттер деле бар. Алардын да ал-акыбалын, материалдык мүмкүнчүлүгүнөн бери байкоого алмайым бар. Анткени жылаңач сезим менен турмуш кургум келбейт. Өзүм да материалдык жактан баарына жетишип, 30 жаштан кийин гана күйөөгө тийүүнү каалайм. Бирок кийин өкүнүп калбаймынбы деп дагы кооптоном. Негизи кыз кишинин канча жашынан турмушка чыкканы оң?

Psihoanaliz.kg психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:

—Абдан жакшы, актуалдуу кат экен. Азыр көп кыздар кичине өзүнчө жашап турайын, карьера деп турмушка чыгуу жагын улам жылдырып жүрүшөт. Жашоодо эң чоң байлык — бул өмүр. Адам ден соолугу жакшы эмес болсо да, өмүрдү узартуу үчүн тырышып жашайт. Ошол эле абакка кесилип же атууга кеткендер — бир күн болсо да узак жашоону көздөйт. Жашоодогу дагы бир маанилүү нерсе — бул үй-бүлө. Муну айтсаң көбү түшүнгөндөй баш ийкеп коюшат, бирок аныгына жете түшүнө бербейт.

Үй-бүлөдө адамдын жашоого көз карашы, инсандык сапаттары калыптанат. Башкача айтканда, үй-бүлө — бир платформа. Мындан үй-бүлө мүчөсү сүйүү, камкордук, алдыга умтулуучу күч-кубат алат. Негизи ар бир адам жалгыз карышкырдай өз курсагын тойгузуп, кара башын гана ойлоп жашап кете алат. Бирок бизге бакытты, колдоону, жылуулукту жана ийгиликти багынтууга күч-кубатты жакындарыбыз гана берет.

Айрымдар үй-бүлө куруудан эмнеге коркушат? Анткени бул да жоопкерчилик, даярдык. Үй-бүлө курууга көз караш жетилүү керек. Үйлөнөрдө же турмушка чыгарда адамдардын максаты да ар кыл болот. Кээ бирлер жашым жетип калды, эл эмне дейт десе, экинчилери ата-энемди багайын, үй тирлигин аялым жасасын дешет.

Ошондуктан адам турмуш жолуна аттанарда эмне себептен үй-бүлө кургусу келери тууралуу ойлонуп, ушул суроого жооп таап, аныктап алышы керек.

Катты жазган кыздын потенциалы, билими, акылы, келбети баары жакшы экен. Анын үстүнө сөз айткан жигиттер да бар экен. Бир гана нерсе каармандын ички сезими түшүнүксүз болуп турат. Ар кандай чече албай жүргөн маселелери бар өңдүү. Ошол себептен өз каалоосун, максаттарын аныктап алуусу керек.

Аял киши төрөөгө же үй оокатын кылууга гана жаралган деп айтууга болбойт. Аялзатында деле эркектердикиндей максаты, планы бар. Болгону эркектер керт башын гана ойлоп калыптанат. Ал эми кыз киши кичинесинен эле түйшүкчүл келип, бир туугандарын багып, үйдөгүлөргө тамак жасап, камкордукка тарбияланат. Аял толук кандуу бактылуу болушу үчүн үй-бүлө курушу керек.

Күйөөгө кеч чыгып, кечирээк төрөгөндөр балдарынын жакшылыгын кеч, карыган убакта көрүп калары шексиз. Эгерде эрте төрөп алсаңыз — анда өзүңүз да ал кезде бала болуп, тарбия жагына көп маани бере албай калышыңыз мүмкүн. Ошондуктан бардыгы убагы менен болгону жакшы. Баланын мээримине да туура куракта күбө болсоңуз, аялга тиешелүү бакыттан толук ырахат аласыз. Сизге айтарым, аял кишинин бакыты үй-бүлөдө. Ошондуктан дагы бир сыйра жакшы ойлонуп, анан чечим чыгарыңыз.

201
Белгилер:
карьера, турмуш, кыз, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Элден качып, виртуалдык жашоого кирип кеткен кызымды кантип чыгарам? Эненин каты
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты