Чүйдө Тянь-Шань карагайларын кыюуга жол берген токойчу иштен айдалды

Жазылуу
Бактарды кыюудан улам жалпысынан 75 миң сом чыгым келтирилген

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Чүй облусундагы Шамшы капчыгайында жети түп Тянь-Шань карагайы мыйзамсыз кыйылгандыгын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

"Агенттиктин кызматкерлери Шамшы капчыгайына барганда кыйылган жети түп карагайдын түбүн табышкан. Бактарды кыюудан жарпысынан 75 миң сом чыгым келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Тектешүүнүн жыйынтыгында өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн Темирбек Рысалиев аттуу токойчу жумуштан кетирилип, токой жетекчилигине сөгүш жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0