Адилет, Азамат, Айгүл, Айзат... Атыңыздын маанисин билесизби?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүСелкинчек ойноп жаткан балдар жана кыздар. Архив
Селкинчек ойноп жаткан балдар жана кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир ата-эне ымыркайлуу болгондо ылайыктуу ысым ойлонуп, анын маанисин түшүнүп койгону оң. Анткени балага коюлган атаны менен өмүр бою жашап, келечегине, жашоосуна таасирин тийгизет деп айтылып жүрөт.

Балага ысым ыйгаруу оңой эмес, анын үстүнө ар бир ысымдын маанисин көпчүлүк биле бербейт эмеспи. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги эл ичинде кеңири тарап калган ысымдарды чогултуп, алардын маанилери менен тизмектей турган болду. Алфавит менен баштап ар жума 10 кыз баланын жана 10 эркек баланын атын берип турмакчыбыз. Көпчүлүк ысымдар окутуучу, доцент Шералы Жапаровдун "Адам аттары" эмгегинен алынды.

Эркек балага берилчү 10 ысым

Абаз. Кыргыз тилинде "добуш, үн" деген маанини туюндурат. "Ата-эненин бактылуу турмушунун шаңы, добушу, бийик чыккан үнү болсун" деген тилек менен эркек бала, кыз балага деле кое берет. Бул ысымды айрымдары Абазбек, Абазкан, Абазбүбү, Абазгүл, Апаз деп өзгөртүп ыйгарып жүрүшөт.

Фестиваль народного и прикладного искусства Кыргыз Шырдагы - Sputnik Кыргызстан
Паяндос, чач өрүү, өпкө чапмай. Аймактардагы ооз ачырган 10 каада
Абданбек. Жаны абдан (өтө) бек болсун, өлбөсүн, турмуш жолу узак болсун деген мааниде коюлган ысым. Бул ысымга үндөш Өтөбек деген да аттар болот.

Абай. Кыргыз тилинде "абайла, этият бол" деген сөздөн алынган ысым. Эл ичинде бул ысым мурдатан эле колдонулуп келет. Бирок кийинки жылдары эл бул атты казактын улуу акыны, ойчулу жана обончусу Абай (Ибрагим) Кунанбаевдин (1845-1904) аты деп түшүнүп, балабыз ушул адамдай улуу инсан болсун деген максатта ыйгарышат.

Адилет. Лексикалык өзөгү "чындык, калыстык" деген маанини туюндурат. Бул ысым аркылуу ата-эне баланы ак ниеттүүлүккө, калыстыкка тарбиялоо жагын көздөйт. Аны кыскартып кээ бири Адил, Адыл, Адылбек деп да коюп жүрүшөт.

Азамат. Эркек уулдуу болгондор "балам эли менен жеринин чыныгы патриоту, кулуну болсун, абалды жөнгө салган азаматтардан болсун" деген ниет менен ымыркайына ыйгарышат.

Азиз. Бул сөздүн лексикалык өзөгү "улуу урматтуу, аябай кадырлуу, барктуу, күчтүү, кубаттуу, чың, чыйрак" дегенди туюндурат.

Айбек. Ысым 50-70-жылдары кеңири колдонулган. Себеби анын айтылышы жеңил, кулакка угумдуу, кыргызча жана орусча жазылышы оңой.

Акжол. Эркек балдарга көбүрөөк, кыз балдарга сейрек берилет. Алыскы сапарга чыккан жакын туугандарынын жолу байсалдуу, баштаган багыты жемиштүү болушун каалап, жаңы төрөлгөн наристеге ийгилик тилеп коюлат. Мындай антропонимдер Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, жүрүп жатканда, аяктаган жылдары төрөлгөндөргө көп ыйгарылганы бөтөнчө байкалат.

Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апенди, Аладдин, Тарзан... Жомок каармандарынын атын алып жүргөн кыргызстандыктар
Акай. "Ак" деген сөз кыргыз тилинде "таза, аруу" деген сөздөргө синоним. Адамдын энчилүү аты катары колдонулганда "ак" деген синоним "адилеттүү, калыс, кара кылды как жарган" деген маанини билдирет. Ал эми "ай" деген компонент аялдардын аттарынын башкы жана аяккы бөлүгү болуп келе берет да, "сулуу", "келбеттүү" деген мааниде пайдаланылат.

Алмаз. Алмаз — бул баалуу таш. Элибиз бул атты эркек балага жаны алмаз таштай бекем, катуу, бышык болсун, өмүрү, жашоосу узун болсун деген тилек менен коюп келет.

Кыз балага берилчү 10 ысым

Агача. Бул ысымды кыз балдарга "сыйлуу, урматтуу, сулуу, ак жүздүү, чүрөк" болсун деген мааниде коюшат. Мындай ат эпикалык чыгармаларда да учурайт.

Ажар. Бул сөздүн лексикалык мааниси "сулуу жүз" дегенди түшүндүрөт. Мындай ысым кыз балдарга ажары ачылган сулуу, бетинен нуру төгүлгөн көркөмдүү, жылдызы жанган келбеттүү болсун деп коюлат.

Айгүл. "Ай" жана "гүл" деген эки компоненттен турат. Биринчи бөлүгү "ай" байыркы түрк тилинде "сулуу, көркөм асыл, аппак, нурдуу, акылдуу кымбаттуу" деген маанини билдирет. Ай жаңыдан туулганда же ай толгондо балага ай компоненти катышкан ысымдарды ыйгарышкан. Ал эми гүл — фарс (иран-тажик) тилдеринен келген сөз. Ал "кооздук, көркөмдүк, сулуулук, жыпар-жыттуулук, тазалык" деген түшүнүктү өзүнө алып жүрөт. Гүлай деген ат деле ушундай маанини туюндурат.

Жизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых - Sputnik Кыргызстан
Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"
Айым. Аялзат, аял деген сөздүн синоними. Эл ичинде бул ысым да кеңири тараган. "Аялзатына тиешелүү асыл сапаттардын баары болсун" деген максатта кыз балага коюлган бул ысымга Айымбача, Айымбүбү, Айымгүл, Айымжан, Айымкан, Айымкыз, Айымпааша, Айымсаадат, Айымсана, Айымтал, Айымтилла, Айымча, Айымшат сыяктуу мүчөлөрдү улап ысым ыйгарып жүрүшөт.

Айзат. "Айдай сулуу, ыйык жана айдай таза болсун" деген тилекте кыз балдарга берилген ысым. Айзатка улап Айзада деген ысым да тарап кеткен.

Айкерим, Айгерим. Биринчи бөлүгү "ай" байыркы түрк тилинде "сулуу, көркөм асыл, аппак, нурдуу, акылдуу кымбаттуу" деген маанини билдирет. Ал эми "керим" деген сөз боорукер, керемет, таңданаарлык деген маанини туюндурат.

Айкөл. Бул сөздүн лексикалык мааниси "берешен, колу ачык" дегенди билдирет. Кыздарынын мүнөзү жайдары, ак көңүл болсун, колунда бар болгон, байлыгын аябаган айкөл болсун деген максатта коюлган кыз баланын ысымы. Бул ысым анткен менен эркек балдарга да коюлуп жүргөнүн кезиктирүүгө болот.

Кыргызстандын желегин кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөмбү, Шейшемби, Бейшемби. Апта күндөрүнүн аталышын алган кыргызстандыктар
Айкыз. "Ай" жана "кыз" деген эки толук маанилүү компоненттен турат. Болжол менен V-VI кылымдарда "айкыз" деген сөз — "ыйык, терең, купуя сырдуу, кудуреттүү күчү бар" деген мааниде колдонулуп жүргөн. Бул сөз кийинчерээк "сулуулук, көркөмдүк касиет" деген мааниге ооп кеткен. XVIII-XIX кылымдан тартып "сулуу, жылдызы жанып турган, аты менен заты дал келген" деген мааниде кыз балдарга бериле баштаган.

Аймончок. Айдай сулуу жана мончоктой тизилген, адамдарга жамандык ойлобогон адам болсун деген максатта коюлган ысым.

Айпери. Кыздардын энчилүү аты. "Ай" жана "пери" деген эки курамдан турат. Ай — бул жогоруда айткандай асмандан, бийиктен тийген, караңгыны жарык кылган, шоола чачкан түбөлүктүү планета. Ал эми пери бул "периште" деген сөздөн алынган. Ааламга айдай жарыгы тийип, периштедей керилген кыз болсун деген максатта коюлган ат.

Кыргызда илгертеден жашоо-турмушка ылайыкташкан салттык мыйзамдар болгон. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдардан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0