Кызмат атаңдан калса дагы!.. Жетекчи кыжырды кайнатканда

Жазылуу
Иштеген ишиңде жетекчиң түшүнүктүү, адамгерчиликтүү болсо багың ачылгандай эле болот. Кокус жөнү жок кыйкырып, болбогон нерсеге кийлигишкен, текебер немеге туш болуп калсаң, анда шоруңдун катканы.

Кандай жетекчи кайсы учурда жинге тиет? Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп көрдү.

Басынткандар. Кол алдындагылардын бирин өйдө, бирин ылдый көрүп, көпчүлүктүн көзүнчө уяткарып же намыска тийген сөздөрдү айтып басынткан жетекчиден Кудай сактасын. Андай адам менен иштегиң деле келбейт.

Международный фестиваль ремесленников Оймо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сиз деле келин болгонсуз да... Кайнене кыжырды кайнатканда
Жөнү жок кийлигишкендер. Айрым жетекчилер болоор-болбос ишке деле кийлигише берип кадырын түшүрүп алат. Катардагы кызматкер эле бүтүрүп же чечип койчу маселеге кирише берген болбойт да.

Тили заарлар. Сүйлөсө сөзү сөөктөн өтүп чучукка жетет. Эгер кызматкер иштей албаса анын ата-эне, жек-жаатына чейин асылып эмне кереги бар? Обу-жок кыйкырып-өкүрө бергендер да кыжырга тиет.

Алдым-жуттумдар. Алган сайын алсам деп турган жетекчилер да бар. Кол алдындагылардын кандай жашап жатканы менен иши жок, өзү кычырап жүрсө болду. Кызматкерин кыйратып бага албагандан кийин ошонун эмнеси жетекчи дейм да…

Жүдөөлөр. Жетекчиң жүдөө болсо да жаман. Атаандаштар алдыда жүргөндө, канчалык тытынсаң деле чоңуңдун шалаакылыгынан улам артта каласың. Эл башкара албагандан кийин эмнеге жетекчи болот десең.

Текеберлер. Жетекчи канчалык жөнөкөй болсо, жамаат да ошончо ынтымактуу болсо керек. Анан асмандан түшкөнсүп анча-мынчасын теңине албаган жетекчиге "кызмат атаңдан калса да…" деп басып кеткиң келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0