Быйылкы ажылыктын баасы аныкталды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 2018-жылдагы ажылыктын баасы 2890 АКШ долларын түзгөнүн муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, быйыл ажылык сапарга барам деп аймактык кезекке туруу үчүн 500 доллар жана 1000 сом төлөп, документтерин талапка ылайык толук тапшырган жарандар каражатты 19-марттан 13-апрелге чейин кечки саат 17:00гө дейре РСК банкына төлөшү зарыл.

"Баткен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору жана Ош шаарынан ажылык сапарга катталган талапкерлер өз аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон тизмелерин тактагандан кийин гана акчаны РСК банкына төлөшү керек. Себеби жогоруда көрсөтүлгөн аймактар өз квоталарынан ашып кеткендиктен улам кезекке туруп калгандар бар. Ошондуктан бул аймактан катталган талапкерлер алгач өздөрүнүн тизмелерин тактап алуулары маанилүү", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн.

Буга чейин зыяратчыларды ташый турчу компания тандалып, авиабилеттен баасы 1550 доллар деп белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0