Кара-Кулжада үч жума мурун сууга түшүп кеткен кишини издөө токтоду

© Sputnik / Александр Поляков / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 27-февраль күнү болгон

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар суусуна түшүп кеткен Терек-Суу айылынын 44 жаштагы тургунун издөө иштери токтотулганын ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 27-февраль күнү болгон. Киши балык уулоого чыгып, дарыяга түшүп кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Издөө иштерине тартылган куткаруучулар аны үч жума бою издеп, натыйжа чыккан эмес.

Маалыматка ылайык, 19-март күнү сууга түшүп кеткен адамдын туугандары ыраазычылык кат жазып берип, издөө иштери токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0