Базар-Коргондо имамдар 100гө чукул мөмөлүү дарак отургузду

© Sputnik / Табылды КадырбековСубботник в Ботаническом саду им. Э.Гареева
Субботник в Ботаническом саду им. Э.Гареева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бактар "Бир момунга — бир дарак" акциясынын алкагында тигилген

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы имамдар 100гө чукул мөмөлүү дарак отургузганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, райондук хатибияттын демилгеси менен "Бир момунга — бир дарак" аттуу акция 20-мартта өткөн.

"Акцияга акимдин биринчи орун басары Каныбек Тилекеев, Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков жана айыл округдардын баш имамдары катышты", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Баткен облусундагы дин кызматкерлери да ишембилик өткөрүп, шаардын айрым жерлерин тазалаган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0