Эл Ноорузду майрамдап, таштандыны жайнатып кетти. "Ала-Тоо" аянтындагы көрүнүш

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык"Ала-Тоо аянтынан таштанды чыгарып жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери
Ала-Тоо аянтынан таштанды чыгарып жаткан Тазалык ишканасынын кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери күн бою борбордук аянттагы таштандыларды жыйнап жүрдү

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook баракчасына Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында таштандылардын жайнап жаткан видеосун жарыялады.

21-мартта күн менен түн теңелип, өлкөдө майрам болду. Мэрия борбор калаанын чок ортосунда салтанаттуу иш-чараларды уюштурду. Эл эртең менентен тарта майрамдап баштады. Видеодо "тазалыкчылар" эл майрамдагандан соң көк чөпкө туш келди ыргытылган жана челектердеги тамак-аштын калдыктарын, бош бөтөлкө, желим баштыктан тарта чейин шыпырып, чогултуп автоунаага жүктөп жаткандыгын көрүүгө болот.

Маалымат катчы Sputnik Кыргызстанга жөө кишилер өтчү жол чийинге желим баштыкты атайын таштап, аны байкатпай телефонго видеого тартып, байкоо салып турганын айтып берди. Ары-бери басып майрамдап жүргөндөр бир нече мүнөткө чейин бутка илээшкен баштыкка көңүл бурган эмес. Акырында гана бир жаш бала аны таштанды челекке алып барып салган.

"Эс алып, майрамдап жүргөн эл колундагы таштандыны туш келген жерге ыргытып жатканын кезиктирүүгө болот эле. Бул майрамдарда кайталанчу адаттагы көрүнүш. Биз калкты өзүбүздүн шаарыбызды таза сактоого, камкордук менен мамиле кылууга чакырабыз. Ноорузда кызматкерлерибиз "Ала-Тоо" аянтындагы таштандыларды колу менен терип чыгып, анын артынан атайын техника жууп чыкты", — деди Каракеева.

Ал таңга чейин канча автоунаа таштанды алып чыккандыгы бир аздан кийин белгилүү болорун билдирди.

Буга чейин биз сөз кылып жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңишбек Касымовдун илдети тууралуу маалымат чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0