Нооруз майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 11 тонна таштанды чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындыга шаар тургундары.
Ала-Тоо аянтындыга шаар тургундары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук аянт түн жарымына чейин тазаланган

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Нооруз майрамы белгиленгенден кийин борбордук "Ала-Тоо" аянтынан 11 тонна таштанды чыгарылганын "Тазалык" ишканасына таянуу менен мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жалпысынан 14 атайын техника иштеген. Ошондой эле майрам маалында 60 жүктөгүч менен көчө шыпыргандар нөөмөттө турган.

"Аянтка жалпысынан 16 чоң желимден жасалган таштанды челеги жана темирдерден жасалган 10 контейнер коюлган", — деп айтылат маалыматта.

Борбордук аянт түн жарымына чейин тазаланган.

Белгилей кетсек, 21-мартта "Ала-Тоо" аянтында жана шаардык бир катар аймактарында майрамдык иш-чаралар өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0