Бишкектин борбордук көчөлөрү оңдоо иштери үчүн жабылды. Тизме

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРазбитые дороги в Великом Новгороде
Разбитые дороги в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ремонт иштеринин жүрүшүндө жолдун бордюрлары, тротуарлар, аялдамалар жана жол белгилери жакшыртылат

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкекте ремонт иштерине байланыштуу бир катар борбордук көчөлөрдүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан маалымдашкандай, 22-марттан тарта ремонт иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылды:

— Термечиков көчөсү Лев Толстойдон Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгү 5-июлга чейин жабылды;

— Жибек Жолу проспектиси Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү 23-апрелге чейин жабык болот;

— Салиев көчөсү Лермонтовдон Калинин көчөсүнө чейинки бөлүгү 15-июлга чейин жабылат;

— Москва көчөсү Сүйүнбаевден Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү 10-майга чейин жабылды;

— Ахунбаев көчөсү Садырбаевден (мурдагы Баха) Тыналиев көчөсүнкө чейинки бөлүгү 1-майга чейин жабык болот.

Ремонт иштеринин жүрүшүндө жолдун бордюрлары, тротуарлар, аялдамалар жана жол белгилери жакшыртылат.

Быйыл оңдоло турган Бишкек шаарындагы жолдордун картасын материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0