Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 23-мартта Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелде аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Чүй жана Таласта түндө 7…12 градус жылуу, күндүз күндүн табы 12…17 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 6…12 градус жылуу болуп, күндүз 13…18 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көлдө түндө 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылып, күндүз 8…13 градуска чейин жылуу болот.

Нарында түндө 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу болуп, күндүз аба ырайынын температурасы 7…12 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Ош шаарында да себелеп жаан жаайт, түндө 10…12, күндүз 16…18 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0