Кыргызстанда жыл башынан бери айдоочу болом дегендердин 97 пайызы экзаменден кулады

Жазылуу
Мамкаттоо кызматынан билдиришкендей, мындай көрүшүн буга чейин болгон эмес

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Былтыркы жылдын аягынан тарта 2018-жылдын 23-мартына чейин Кыргызстанда айдоочулук күбөлүгүн алууга экзамен тапшырган жарандардын тогузу гана документ ала алды. Бул тууралуу Мамкаттоо кызматынын маалымат катчылыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай көрүшүн буга чейин болгон эмес. 

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унааны кайра каттатуунун зарылдыгын Мамкаттоо түшүндүрдү
Эске салсак, 2017-жылдын аягынан тарта айдоочу болом деген жарандар күбөлүк алуу үчүн биометрикалык идентификация аркылуу ойлайн режимде экзамен тапшыруусу керек эле. Бул системанын негизги максаты — курсанттардын билим деңгээлин көрсөтүп, коррупцияны жок кылуу.

Каалоочулар экзамендин кантип өтүп жатканын онлайн режимде каттоо-экзамен бөлүмүнүн сайтынан көрө алат.

Курсант экзаменде 20 суроого 25 мүнөттүн ичинде жооп бериши керек. 18 суроого туура жооп берсе, докумен алууга укуктуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0