Кара-Суу районундагы имамдар санитардык китепче алат

© AFP / CHAIDEER MAHYUDDINМусульмане в мечети
Мусульмане в мечети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус казысы имамдарга жаңы үйлөнгөн жаштарга нике кыйууда бири-бирине болгон милдеттери, талак маселелери боюнча кеңири түшүндүрүүгө милдеттендирди.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун "Достук" борбордук мечитинде айыл өкмөттөрдүн жооптуу имам-хатиптери үчүн жыйын болгонун муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Субботник в Ботаническом саду им. Э.Гареева - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондо имамдар 100гө чукул мөмөлүү дарак отургузду
Ага ылайык, жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош облустук казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик ажы Турсунбеков, Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Абдирашит Батыров жана райондун аймагынан чакырылган айыл өкмөттөрдүн жооптуу имам-хатиптери катышты.

Чогулушта облус казысы имамдарды жаңы үйлөнгөн жаштарга бири-бирине болгон милдеттери жана талак маселеси боюнча кеңири түшүндүрүүгө милдеттендирди.

Ал эми Абдималик ажы Турсунбеков жалпы айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатиптери өз аймагында курулуп жаткан мечиттерди имараттын ачылышына чейин мамлекеттик каттоодон өткөрүү керектигин айтты. Ошондой эле мечит кызматкерлерине санитардык китепче ачтырып, аптечка, өрт өчүрүүчү шаймандарды камсыздоону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0