Аскар Акаев кандай кызматкер болгонун мурдагы жетекчиси айтып берди

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүА.Акаев на 1У съезде народных депутатов ССР
А.Акаев на 1У съезде народных депутатов ССР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскар Акаев 1990-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. Март окуяларынан кийин бийликтен кеткен.

МОСКВА, 23-мар. — Sputnik. Белгилүү эксперт Сергей Масаулов убагында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин жетекчиси болгонун айтты.

Масаулов Евразиядагы жаш лидерлердин "Жаштар экстремизм менен радикализмге каршы" форумуна катышты. Анын айтымында, Аскар Акаев менен Политехникалык институтта (азыркы Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети) чогуу иштеген.

"Ал менин кол алдымда иштечү. Акаев ЭВМ кафедрасын жетектеген, мен университетте чет элдик студенттер боюнча декандын жардамчысы болчумун. Анын кафедрасында чет элдик студенттер менен дайыма көйгөй жаралчу. Мен: "Аскар Акаевич, алты студенттин материалы жок, бул кандай?" деп такай айтчумун. Ал студенттер менен сүйлөшүп жатканын, бирок жыйынтык жок экенин айтчу. Мен сүйлөшүүдөн башка да ыкмаларды колдон деп сунуштаар элем", — деди Масаулов.

Борис Николаевич Ельцин и Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин "башына ойногон" Ельциндин кашыктары. Окуянын чоо-жайын Кулов ачыктады
Акаев бул методду деканаттын колдонуусун суранып, "ал сылык-сыпаа болсо, биз катуу түрдө" милдетибизди аткарчубуз.

Аскар Акаев 1990-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын президенти болуп, "Жоогазын" революциясынан кийин бийликтен кеткен.

2017-жылы декабрдын аягында Акаев үй-бүлөсү менен Германияга барып, ал жактагы айрым кыргыздардын жоруктарына дуушар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0