Түркияда мейманкананын 5-кабатынан кулаган кыргызстандык кыздын апасы үн катты

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жабыркаган кыргызстандык кыз өзүн келип, башка ооруканага которулду

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 8-мартта Түркиянын Измир шаарындагы мейманкананын 5-кабатында чыккан өрттөн улам жерге кулап түшкөн кыргызстандык кыздын абалы учурда туруктуу экенин апасы Бактыгүл Макамбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Учурда ал башка ооруканага которулуп, дарылануусун улантууда.

© Фото / предоставлено матерью М. Ж.Мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен 5-кабаттан кулап кеткен кыргызстандык кыздын абалы учурда туруктуу
Кыргызстанка М. Ж. упавшая с пятого этажа во время пожара в отеле в Измире (Турция) - Sputnik Кыргызстан
Мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен 5-кабаттан кулап кеткен кыргызстандык кыздын абалы учурда туруктуу

Бактыгүл айым кызы кырсыктаганын 9-мартта интернеттен билип, Түркиянын Кыргызстандагы консулдугуна жана Тышкы иштер министрлигине чалып тактаганын айтты. Бишкектеги түрк элчилигине кайрылып, жолуна акча тапканча убакыт өтүп, Измир шаарына 15-март күнү келген.

Ал өрт чыккан мейманкананын жетекчилиги кыздын дарылануусуна кеткен чыгымды төлөп берип жатат деген маалымат чындыкка туура келбей турганын, акчаны Түркиянын өкмөтү төлөп берип жатканын белгиледи.

"Мен дагы чыгымды мейманкана төлөп жатат го дегем. Бирок мага котормочу болуп жардам берип жаткан жигиттен андай эмес экенин угуп төбө чачым тик турду. Мейманкана төлөбөй эле мамлекет төлөп жатыптыр. Мен келгенден кийин мейманкананын адамдары келип жатышкан. Эки жолу 100 лирадан берип майда-барат чыгымдарга төлөйсүң дешти. Болгону ошол. Мен 200 лирасына зар эмесмин, мага кызымдын ден соолугу керек", — деди ал.

Бактыгүл айым кызы мейманканадагы номерди белоруссиялык кыз менен убактылуу жашап туруу үчүн алганын, коңшу бөлмөдө өрт чыкканын алар шып кулаганда билгенин айтып берди.

Поджог травы на городских пустырях - Sputnik Кыргызстан
Измирде 5-кабаттан кулаган кыз унаанын үстүнө түшкөн. Окуянын чоо-жайы
"Эртең менен уктап жатканда кошуна бөлмөдөн өрт чыккан. Кызымдын үстүнө бөлмөнүн шыбы кулап түшкөн. Чочуп ойгонуп курбусун ойготуп, ваннага кире качышкан. Ал жак түтүнгө толо баштаганда балконго чуркап чыгышкан экен. Өрт эмнеден улам чыкканын билишпейт. Бирок мейманкананын жетекчилиги телефондун заряднигинен деп айтышкан. Белоруссиялык кыз жеңил жаракат алган үчүн аны 15-март күнү кетирип үлгүрүшкөн", — деди эне.

Кыргызстандык кызга апасы келгиче палатада чогуу жаткан, мурда Бишкекте жашап кеткен түрк аял каралашып турган. 13-мартта ал аял кыргызстандык кызды апасы менен сүйлөштүргөн.

"Кызым өзүнө келгенде келинимдин телефон номерин гана айта алыптыр. Кудайга шугур, кудай деген адамдардан жардам көрүп жатам", — деди ал.

Бишкекте жашап кеткен түрк аялдын күйөөсү Бактыгүл эжени аэропорттон тосуп алып ооруканага алып келген.

Жабыркаган кыргызстандык кыз башка ооруканага которулганына 2-3 күн болду. Учурда абалы туруктуу, өз алдынча тамак ичип калды. Бирок азырынча белден ылдый жагы иштебейт. Дарыгерлер бейтаптын омурткасы менен кабыргаларында майда жаракаттар көп экенин айтып, калыбына келүүгө убакыт керектигин айтышкан. Кыз иске да ууланып калгандыктан өпкөсүн кислород менен тазалап жатышат.

Бактыгүл айым түрк тилинен кыйналып жатканын белгилеп, Измир шаарында окуп-иштеген кыргызстандыктар — Дастан жана Рысбек аттуу балдар котормочу катары жардам берип жатканын айтты.

Упала с 6 этажа — видео с пожара в Турции, где пострадала кыргызстанка - Sputnik Кыргызстан
Измирдеги өрт: кыргызстандык кыздын 5-кабаттан кулаган учуру видеого түшүп калган
Ал ошондой эле Түркияга келүү үчүн жол кирени карыздап тапканын, каражат жагынан кыйналып жатканын кошумчалады.

"Түркияда жашоо кымбат болгондуктан бул жактагы дарылануусу бүтүп, кызым басып калса Кыргызстанга келип дарылансабы деп жатам. Кыргызымдан айланайын, көп түкүрсө көл болот, эртеңки күнү кызымдын тагдырын ойлоп дарыланууга каражатым жоктугунан, кыргыз элимден жардам сурайм. Билетке да акчаны карызга алгам. Алгандын бермейи бар да. Кызымдын бул жактагы дарылануусу бүтсө, кайра кетүүгө каражатым жок", — деди Бактыгүл айым.

Жаңылыктар түрмөгү
0